Menu

Министрлер кабинети

Министрлер кабинети жыл соңуна чейин донорлордон бюджетти колдоого 30 млрд. сом алууга ниеттенүүдө

Кыргызстан бюджетти колдоо үчүн 2022-жылдын он айында донорлордон 12,1 миллиард сом алды. Бул тууралуу 22-ноябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында өлкөнүн каржы министри Алмазбек Бакетаев билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар быйыл бюджетти колдоо үчүн канча каражат алуу пландалганына кызыгышты.

“2022-жылдын 10 айында 12,1 миллиард сом алдык. Жыл соңуна чейин 30 миллиард 600 миллион болот”, – деди министр.

Октябрда каржы министринин орун басары Руслан Татиков Министрлер кабинети акыркы 10 айдын ичинде эл аралык каржы институттарынан бюджетти колдоого 180 миллион доллар алганын, анын 50 миллиону грант болгонун айткан.

2021-жылы Кыргызстан эл аралык донор уюмдардан 38 миллиард сом (447 миллион 585 миң 394 доллар) алган. Каржы министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Акжолов чет өлкөдөн каражат эки багыт боюнча келип жатканын билдирген: мамлекеттик инвестициялар аркылуу ири долбоорлорду ишке ашырууга жана бюджетти колдоо үчүн. 11,4 миллиард сом бюджетти колдоого жумшалса, 26,4 миллиард сом ири долбоорлорго тартылган.

2022-жылдын сентябрь айына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5,2 миллиард долларга жетти. Анын 4,1 миллиарды тышкы карыз. Калганын Министрлер кабинети ички каржы институттары гана сатып ала турган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча төлөп бериши керек.

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өлкөнүн Министрлер Кабинетинин жыйыны өтөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 14-июлда, өлкөнүн Министрлер Кабинетинин жыйыны өтөт.

Жыйында 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө Министрлер Кабинетинин отчету угулат.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышат.

Министрлер кабинетинин жыйыны УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын жана социалдык тармактардагы баракчалардын  түз эфиринде көрсөтүлөт.

Эфир 10:00дө башталат.

КР Министрлер кабинети: Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү менен КР ЖК депутаттарынын биргелешкен кечки тамагы бюджеттен тышкаркы каражаттардан төлөнгөн

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары үчүн уюштурулган кечки тамак боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы төмөнкүлөрдү билдирет.

Кечээ Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин биринчи сессиясынын иши жыйынтыкталды. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров  парламенттин депутаттарын Бишкектин ресторандарынын бирине бейформал кечки тамакка чакырган.

Белгилей кетчү нерсе, бул сыяктуу иш-чаралар – көптөн бери калыптанып калган салттуу көрүнүш.

Мындай бейформал жолугушуулардын максаттарынын бири – аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосундагы түз диалогду түзүү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын биргелешкен кечки тамагы бюджеттен тышкаркы каражаттардан төлөнгөнүнө өзгөчө көңүл бурабыз. Өткөн иш-чарага байланыштуу чыгашаларды төлөөгө республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн жок жана мындан ары да бөлүнбөйт.

Кыргыз Республикасында 2022–2026-жылдарга креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы бекитилди

Кыргыз Республикасында 2022–2026-жылдарга креативдүү  экономиканы  өнүктүрүү концепциясы бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Кыргыз Республикасында 2022–2026-жылдарга креативдүү  экономиканы  өнүктүрүү концепциясы креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Концепциянын максаты болуп креативдүү индустриянын комплекстүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасына кошкон салымын көбөйтүү саналат.

Өнөр жай көлөмүндө масштабын кеңейтүүгө жөндөмдүү болгон инновациялык идеялар менен иштеп чыгууларды акчага айландыруу аркылуу Кыргызстандагы креативдүү индустриялардын сектору жогорку кошумча нарктуу жана жогорку экономикалык натыйжалуу ишкердик ишинин акселераторуна айланат, капиталдык салымдарды рационалдаштырат, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет жана жумуш менен камсыз кылуунун өсүшүн шарттайт.

Келечекте креативдүү экономика инновацияларга дем берүүгө, инвестициялык жагымдуулукту арттырууга түрткү берип, улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайы тармагына жана мигранттардын акча которууларына болгон көз карандылыгын азайтат, ошондой эле маданий мурастардын кайра жаралуусу менен глобалдашуу шартында мамлекеттин өзүн-өзү идентификациялоосуна көмөктөшөт.

Министрлер Кабинети май айындагы эс алуу күндөрүн которуу жөнүндө чечим кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрдү, анын жүрүшүндө 20 ашуун маселе каралды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын май айындагы эс алуу күндөрүн которуу жөнүндө чечим долбоору жактырылды. Документке ылайык, беш күндүк иш жума графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2022-жылдын 1-9-май күндөрүн эс алуу күнү катары орнотуу, ал эми 2022-жылдын 30-апрелиндеги дем алыш күнү (ишемби) – 2022-жылдын 4-майындагы (шаршемби) иш күнүнө; 2022-жылдын 14-майындагы дем алыш күнү (ишемби) – 2022-жылдын 6-майындагы (жума) иш күнүнө которуу сунушталды.

Буга катар кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында беш күндүк иш жума графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине 2022-жылдын май айындагы эс алуу күндөрүн Министрлер Кабинети кабыл алган чечимге ылайык которуу сунушталды.

Министрлер Кабинети республика боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдөн келип түшкөн кайрылууларды кабыл алууну жана аны иштеп чыгууну, аларды талдоо жана көзөмөлдөөнү жакшыртуу, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштерди оптималдаштыруу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында бардык энергетикалык ишканалар үчүн бирдиктүү ишеним телефонун (call-борбор) түзүү чечимин кабыл алды.

Акылбек Жапаров кеңешменин жүрүшүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан акы төлөө негизинде унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүнү караган «Айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамга, Бузуулар жөнүндө кодекске, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Мыйзамдын мындан аркы иштөө тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды киргизүүсү тапшырылды.

«Ушул Мыйзамды колдонуудан түшкөн финансылык каражаттарды Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга, калктын социалдык жактан аялуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн турак-жайына күн батареяларын орнотууга жана башка социалдык багыттарга жумшоого болот», – деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилерин электрондук документ жүгүртүүгө өтүү процессин тездетүүгө чакырды.

Министрлер Кабинетинин 1991-жылдан 2021-жылга чейин кабыл алынган 2858 чечими өз күчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1991-жылдан 2021-жылга чейин кабыл алынган 2858 чечими өз күчүн жоготту. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Тиешелүү токтом Министрлер Кабинетинин 1991-жылдан 2021-жылга чейинки актыларын инвентаризациялоонун алкагында, ошондой эле Министрлер Кабинетинин мыйзам алдындагы актыларынын массивдерин актуалдаштыруу максатында иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасы боюнча, Юстиция министрлиги 1991-2021-жылдар аралыгында кабыл алынган Министрлер Кабинетинин актыларынын актуалдуулугу боюнча талдоо жүргүзгөн.

Аталган иштердин жыйынтыгы боюнча жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга ылайык келбегендигине, актуалдуулугун жоготкондугуна байланыштуу күчүн жоготту деп таанууну талап кылган бир катар актылар аныкталган.

Министрлер Кабинети «Кумтор Голд» компаниясынын 2021-жыл үчүн отчетун бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесинде «Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын 2021-жылкы жана убактылуу тышкы башкаруу мезгилиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отчет берди.

Белгиленгендей, отчеттук мезгилде жакшы жыйынтыктар орун алган. Атап айтканда, 2021-жылдын 12 айында «Кумтөрдө» 14 561 кг алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания 13,6 млрд сом суммасында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон, ал эми пландаштырылган сумма 9 млрд сомду түзгөн. Натыйжада, чегерүүлөр планы 150% ашкан.

2021-жыл үчүн алтынды сатуудан түшкөн жалпы каражат 856 млн АКШ долларын түзүп, анын ичинен убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде 621 млн АКШ доллары түшкөн.

Алтындын бир унциясына карата жалпы акчалай чыгым планга салыштырмалуу 220 долларга, же 16% ашуун кыскарган.

«Бул негизги көрсөткүч – өндүрүлгөн алтындын унций наркынын төмөндөшү көрсөткүчү боюнча гана компаниянын мурдагы менеджментине салыштырмалуу убактылуу тышкы башкаруучунун ишинин натыйжалуулугу жана чарбачылдыгы тууралуу айтууга болот», – деп билдирди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров.

Отчеттун жыйынтыгында Тенгиз Бөлтүрүк келерки жылга пландары тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, жакынкы пландарга жогорку сорбциялык активдүү рудаларды кайра иштетүү технологиясын өркүндөтүүгө, алтындын алынышын жогорулатууга,  кенди жер астынан казууну жана калдыктарды көмүүнү баштоого мүмкүндүк берүүчү туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу кирет.

2022-жылга «Кумтор Голд Компани» өнүктүрүү планы боюнча, 17 тоннадан ашуун алтын өндүрүү күтүлүүдө.

«Тышкы башкарууга өтүүдө пайда болгон бардык кыйынчылыктарга жана «Centerra Gold Inc.» тарабынан келтирилген тоскоолдуктарга карабастан, «Кумтөр Голд Компани» эмгек жамааты алдыга коюлган милдеттерди аткара алды. Кумтөр кени стабилдүү, үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жатат. Бардык салыктар жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүүдө», – деди Тенгиз Бөлтүрүк.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Кумтөр кенинин 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгына оң баа беришти.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКта убактылуу тышкы башкаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы № 2-б буйругу менен киргизилген.

Бөлтүрүк Тенгиз Аяпберген уулу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 17-майындагы № 25 буйругу менен ишкананын убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалган. Учурда Кумтөрдү толугу менен Кыргыз Республикасынын менчигине өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр аяктоо алдында турат.

Министрлер Кабинети Казакстандагы абал боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды

Бүгүн, 6-январда, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чукул жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын жалпы аймагында чыңалуунун күчөшү жана өзгөчө кырдаалдын киргизилишине байланыштуу өлкөдө түзүлгөн учурдагы коомдук-саясий абал талкууланды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы кыргыз-казак чек арасындагы абал жана Кыргызстандын аймагына кылмыштуу элементтердин жана курал-жарактардын кирүү коркунучу ыктымалдыгы боюнча күч ведомстволорунун жетекчилеринин баяндамаларын укту. Ошондой эле финансы-экономикалык блоктун министрликтерине республиканын банк тутумунун үзгүлтүксүз ишин, ошондой эле азык-түлүк, отун коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуусу боюнча тапшырмалар берилди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдиргендей, мамлекет башчынын жана Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) Кеңешинин чечимине ылайык, Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу бир тууган Казакстанга колдон келген колдоо көрсөтүүгө жана ЖККУ алкагындагы өзүнүн союздук милдеттенмелерин тийиштүү деңгээлде аткарууга даяр экендигин тастыктайт.

Министрлер Кабинети тарабынан Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында бүгүн түштөн кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү демилгелөө чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин жыйынында баяндамачы катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев дайындалды. Ошондой эле ага Казакстан Республикасындагы окуялардын өнүгүүсүнө реакция кылуу боюнча өкмөттүк штабды ыкчам жетектөө милдети жүктөлдү.

Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү ошондой эле башка бир катар маселелерди талкуулап, чечимдерди кабыл алды.

Министрлер Кабинетинде кыргыз-кытай кызматташтыгы маселеси талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия маселеси боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй менен жолугушту.

Акылбек Жапаров белгилегендей, биздин өлкө Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттер аралык мамилелерди жана көп кырдуу кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана келерки жылы өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет.

«Бул жылдар аралыгында өз ара аракеттешүү аркасында өлкөлөр коңшулук, достук, ишенимдүү мамилелерди куруп жана сактап келүүдө. Биздин кызматташтыгыбыз эки өлкө элинин түпкү таламдарына жооп берген бардык маселелер боюнча өз ара колдоо көрсөтүү жана туруктуу өнөктөштүк менен мүнөздөлөт», – деди ал.

Ал Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан коронавирус инфекциясы пандемиясы учурунда берилген гумантирдык жардамга, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Акылбек Жапаров кыргыз тараптын биргелешкен инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, өз ара сооданы өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын баса белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи, бул биз үчүн стратегиялык мааниге ээ жана республиканын транзиттик өлкөгө айланышына мүмкүндүк берет.

Акылбек Жапаров ошондой эле «Бир алкак – бир жол» доктринасы алкагында кызматташууну мындан ары активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия маселеси боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй өз кезегинде эки өлкө ортосунда эки тараптуу мамилелердин жана ар тараптуу кызматташтыктын жогорку деңэгээли орун алгандыгын белгиледи.

«Кытай Эл Республикасы келечекте Кыргыз Республикасы үчүн ишенимдүү кошуна жана өнөктөш бойдон кала берет. Биз мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарбыз», – деди ал.

Ли Хуэй белгилегендей, кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээли жалпы региондун коопсуздугун камсыз кылууга маанилүү салым кошууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрүү пункттарында жүк ташуу көлөмүн жогорулатууну талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмеси өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Күн тартибинде Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийиштүү 15 маселе белгиленген.

Меню