Menu

Министрлер Кабинетинин 100 күнү

Министрлер Кабинетинин 100 күнү: Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун тартиби бекитилди

Өлкөнүн суу ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууга дем берүүчү заманбап жөнгө салуу инструменттерин түзүү максатында 2021-жылдын 18-октябрындагы № 222 «Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун тартибин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды (кен казуу тармагында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын ставкалары суунун бир куб метри үчүн 60 сом өлчөмүндө бекитилген).

Жаныбарларды идентификациялоону ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 310-т тескемеси кабыл алынган, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча кызматына 58,2 млн сом бөлүнгөн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы №3-т тескемеси менен «Айыл чарбасын каржылоо -10» долбоору бекитилген.

Министрлер Кабинетинин 100 күнү: 30 мыйзам долбоору демилгеленип, парламентке жөнөтүлгөн

2021-жылдын 12-октябрынан 2022-жылдын 19-январына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 30 мыйзам долбоору демилгеленип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган 21 мыйзамдын 15ине Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон (8 мыйзам эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө).

Тез арада кабыл алууну талап кылган жана мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн зор мааниге ээ болгон, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон Кыргыз Республикасынын кодекстери жана мыйзамдары:

– «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө»;

– Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

– «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;

– «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Жер кодекси, Токой кодекси, Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө) ».

Министрлер Кабинетинин 100 күнү: Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөштүрүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар Планын аткаруу алкагында өлкө боюнча «open space» форматындагы 7 калкты тейлөө борбору ачылды.

Атап айтканда, калкты тейлөө борборлору Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында, Бишкек шаарында мурдагы «Эльдорадо» соода борборунун имаратында, Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда, ошондой эле Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда ачылган.

Ошондой эле 100 күндүк План алкагында 2021-жылдын 3-майынан тарта жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт алууга анкета-арыздарды кабыл алуу башталды. Бүгүнкү күнгө карата жалпы жарандык паспорт даярдоого 72 989 анкета-арыз кабыл алынган. 39 236 биометрикалык чет элдик паспорт даярдалган.

Белгилей кетсек, 50 барактан турган паспорт 920 сомду түзөт (банк төлөмдөрүн эсепке албаганда), ал эми 34 барактан турган паспорт 857 сомду түзөт (банк төлөмдөрүн эске албаганда).

2021-жылдын 1-апрелинен тарта транспорттук каражаттардын электрондук паспорту тутуму киргизилген.

Бул тутум автоунаанын даярдалган учурунан тарта, Бажы биримдигинин аймагына импорттолгон учурду кошо алганда утилдештирүүгө же республиканын чегинен тышкары экспорттоого чейинки таржымалын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Бул унаа сатуу же сатып алуу процессин коопсуздандырууга көмөк берет. Жалпысынан буга чейин 12 унаага паспорт берилген.

2020-жылдын 29-июнунан баштап жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында “Санарип аймак” тутумун баскычтуу ишке ашыруу жүрүп жатат.

Бул иштин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 1506 кызматкери окутулду. 2021-жылдын 19-майына карата өлкө боюнча 484 айыл өкмөтү «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат тутумуна туташтырылып, 446 554 үй чарбасы жана 1 517 052 жаран катталган.

Меню