Menu

Минюст

“Тилектештик автобусунун” Ош облусу боюнча 2021-жылга карата иши боюнча презентация болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн конференц-залында «Тилектештик автобусунун» Ош облусу боюнча 2021-жылга карата иши боюнча презентация болуп өттү. Бул тууралу Юстиция министрлигинин  басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Б.Б. Алайчиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, БУУӨПтүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун жарандык коомдук уюмдарынын өкүлдөрү катышышты.

Бул иш-чаранын максаты – аялдарга жана кыздарга зордук-зомбулукту жоюуда «Тилектештик автобусу» аркылуу алдыда милдеттүү боло турган натыйжалуу коомдук кампания жөнүндө толук маалыматты Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун тургундарына жеткирүү.

Презентациянын жүрүшүндө катышуучулар жер-жерлерде кампанияны практикалык жактан ишке ашырууну талкуулашты.

Иш-чара аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун жана басмырлоонун бардык формаларын жоюу багытында БУУнун жана Европа Биримдигинин «Луч Света» биргелешкен демилгесинин колдоосу менен өткөрүлдү.

Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга 8 талапкер экзаменден ийгиликтүү өтүштү

Кечээ, 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиясы адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн кезектеги квалификациялык экзаменин  өткөрдү.

Экзаменге катышууга квалификациялык комиссиянын чечими менен 36 талапкерге уруксат берилип, анын ичинен 33 талапкер экзаменге катышууга келген. Компьютерлик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 8 талапкер экзаменден ийгиликтүү өттү.

Экзамен адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартибине ылайык 110 суроодон турган Компьютерлик тестирлөө формасында өткөрүлөт. 70 жана андан көп пайыз суроолорго туура жооп бергендер квалификациялык экзаменди берген болуп эсептелишет

Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамга Квалификациялык комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия берилет. Квалификациялык экзаменден өтпөй калган талапкер, аны кайталап тапшырууга алты айдан кийин гана уруксат алат.

Экзаменди ийгиликтүү тапшырган талапкерлер:

  1. Абдувохид уулу Абдуносир;
  2. Асанов Тенизбай Турдуевич;
  3. Мамаев Эрмек Эркинбекович;
  4. Мухамет уулу Бекжан;
  5. Сайфуллаев Жахонгир Хурсанович;
  6. Чойбеков Буланбек Токтогонович;
  7. Шерипов Улан Турганбекович;
  8. Юсупов Рахматулло Анваржанович.
Меню