Menu

Мирлан Арстанбаев

Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Бүгүн, 2-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Арстанбаев Мирлан Есенович Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, ишин айкалыштыруу боюнча Токио шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду.

Япониядагы элчибиз Мирлан Арстанбаев Фужи тоосунун чокусунан кыргыз элин Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады

Бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын 30 жылдык Эгемендүүлүк күнүнө карата, Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчигинин бардык кызматкерлери Япониянын эң бийик Фужи тоосунун чокусуна чыгып, куттуктоо таратышты. Бул тууралу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Мирлан Арстанбаев мекендештерди бүгүнкү майрам менен куттуктап, бардыгына ачык асман, бакубатчылык жашоо жана токчулук, ал эми өлкөбүздө тынчтык, жылдан жылга мамлекетибиз өнүгүп өсө беришин чын жүрөктөн каалады.

Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппиндеги элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Арстанбаев Мирлан Есенович ишин айкалыштырып Токио шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Меню