Menu

Мир картасы

Бир нече кыргыз банктары да орусиялык «Мир» төлөм карталарын тейлөөнү токтотту

Соцтармактарда «Компаньон», «Дос-Кредобанк» жана «Бакай банк» коммерциялык банктары орусиялык «Мир» төлөм системасынын карталарын тейлөөнү токтоткону жөнүндө маалымат пайда болду.

Аталган банктардын колл-борборлору да журналисттерге «Мир» төлөм карталарын тейлөөнү токтотушканын тастыкташты.

«Дос-Кредобанк» бир катар орусиялык банктар менен кызматташууну токтотуу жөнүндө чечим 17-октябрда кабыл алганын кабарлады. «Тилекке каршы, бул чечимдин себеби бизге белгисиз»,- деп белгилешти банктан.

Бул арада «Компаньон» банкы «Мир» карталарынын колдонуучуларын тейлөөнү 4-октябрда эле токтоткону белгилүү болду. Каржы мекемесинин колдоо кызматы мунун себебин түшүндүргөн жок, болгону чечимди жетекчилик кабыл алганын белгиледи.

«2022-жылдын 4-октябрынан тартып биз бир катар орус банктары: «Сбербанк», «Альфа банк», «Газпромбанк», «Совкомбанк» жана калган 20 банк менен кызматташууну токтоттук»,- деп белгиледи «Компаньон».

«Бакай банктын» колдоо кызматы орусиялык бардык каржы мекемелери менен кызматташууну токтотконун белгиледи. «Бүгүнкү күндөн баштап биз бардык орусиялык банктар менен кызматташууну токтоттук. Себебин түшүндүрө албайм. Бул биздин ички саясат, – деди белгиледи банктын өкүлү.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева журналисттерге ар бир банк өз алдынча чечим кабыл аларын айтты.

«Мен буга комментарий бере албайм. Биз эч кандай көрсөтмө берген эмеспиз, бул алардын коммерциялык ишмердүүлүгү »,- деди ал.

21-сентябрда Казакстандын Улуттук банкы да Орусиянын төлөм системасынын “Мир” карталарын тейлөө өлкөдөгү банкоматтарда убактылуу токтотуларын кабарлаган. 19-сентябрда Түркиянын ири финансылык мекемелери – Isbank жана Denizbank банктарында да орусиялык аталган карта иштебей калган.

Өзбекстанда Орусиянын "Мир" карталарын тейлөө убактылуу токтотулду

Өзбекстанда Орусиянын “Мир” төлөм системасынын карталарын тейлөө убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Uzcard – Бирдиктүү жалпы улуттук процессинг борборунун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө орус банктары чыгарган “Мир” карталарын тейлөө техникалык себептерден улам токтотулганы белгиленген.

“Өзбекстандын аймагында Uzcard – “Мир” кобейджинг карталары штаттык режимде иштеп жатат. Бирок чет өлкөлөрдө иштеген жок”, – деп жазылган билдирүүдө.

Социалдык түйүн колдонуучулары Өзбекстанда “Мир” карталарын пайдаланууда көйгөйлөр болуп жатканын бир нече күндөн бери жазып жатышкан. 21-сентябрда Uzcard орусиялык төлөм системасынын карталарын кабыл алууну улантып жатканын билдирген.

12-сентябрдан тарта Өзбекстандагы “Капитал” жана “Ипак Йули” банктары чет өлкөлүктөргө эсеп ачуу жана банк карталарын берүү шарттарын катаалдаткан. “Капитал” банк мындан ары банк карталары “студент”, “расмий ишке орношкон” жана “Өзбекстанда 15 күндөн көп убакыт жүргөн” деген категорияларга туура келген чет өлкөлүктөргө гана берилерин билдирген. “Ипак Йули” чет өлкөлүктөр эсепти банктын Ташкенттеги башкы кеңсесинен гана алса болорун кабарлаган.

Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага каршы болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизип, чектөөлөргө орус банктары да туш болгон. Орусиялыктар башка өлкөлөрдө орус банктарынын карталары менен төлөө жана чет өлкөлүк төлөм кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Мындан улам Орусия жарандарынын көбү санкцияларды кыйгап өтүү үчүн КМШ өлкөлөрүнүн жана Түркиянын банктарынан карта ачтыра башташкан. Алар үчүн “карта туризминин” негизи багыты Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан болуп калган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню