Menu

Миссури университети

АКШнын Миссури университети менен Жалал-Абад университети кызматташуу боюнча экинчи келишимге кол коюшту

Бүгүн, 2 -августта Миссури университетинин студенттери, профессорлору жана кызматкерлери “Борбордук Азиядагы саясат жана коом” деп аталган чет өлкөдө окуу программасынын жүрүшүндө, эл аралык программалар боюнча вице-проректор доктор Мэри Стегмайер жетектеген университеттин өкүлдөрү Жалал-Абад шаарындагы Токтомаматов атындагы Эл аралык университети менен кызматташуу келишимине 2021-жылдын 22-июлунда кол коюшту.

Макулдашуунун максаты – эки окуу жайынын ортосундагы кызматташтыкка болгон өз ара кызыкчылыктын көрсөткүчү катары үлгү болуу. Тактап айтканда, келишим окутуучуларды биргелешкен окутуу программалар боюнча, ошондой эле студенттер менен окутуучуларды алмашуу программалары боюнча кызматташууга үндөөнү камтыйт. Бул Миссури университети менен кыргыз университетинин ортосундагы экинчи келишим, биринчиси жаздын башында Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ) менен түзүлгөн. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет өз сайтында америкалык кесиптештерине кызматташуу жөнүндө биргелешкен келишимге кол койгону үчүн жана “АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы реалдуулук, кызматташтыктын келечеги” деген темада талкууга катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Миссури штатындагы 15 университеттин профессордук-окутуучулук курамы, кызматкерлери жана студенттери Жалал-Абаддагы иш-аракеттеринен тышкары, Кыргызстандын башка жерлерине, Бишкекке, Ошко, Ысык-Көлгө барышып, алдыңкы окумуштуулар менен лекцияларга катышып, Оштун жанындагы Өзгөн мунарасы жана Бурана мунарасы сымал маданий-тарыхий жайларга барышты. Топ Кыргызстанга 15-июлда келип, 1-августта жөнөп кеткен.

«Бул программа студенттерге жана аспиранттарга Кыргызстандын бай маданиятын таануу жана өлкө менен регион беттешип келген саясий жана экономикалык кыйынчылыктар жөнүндө билүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Тышкы иштер же эл аралык өнүгүү жаатында иштөөнү пландап жаткан студенттер үчүн Кыргызстанда окуу аларды эл аралык карьера үчүн атаандашкан башка студенттерден айырмалап турат», – деди доктор Мэри Стегмайер. Трумэн мамлекеттик жана коомдук мамилелер мектебинин аспиранты Линдал Самбрук: «Миссури университети аркылуу Кыргызстан чет өлкөдө окуу программасы укмуштуудай тажрыйба болду. Мен бул укмуштуудай өлкөнүн маданияты, эли жана саясаты жөнүндө ушунчалык көп нерсени – бул жакка мурун турист болуп келгениме караганда көбүрөөк – билдим».

Миссури Университетинин чет өлкөдө окуу программасынын кийинки сапары Кыргыз Республикасына 2022-жылдын май-июнуна пландаштырылган.

Меню