Menu

Молдомуса Конгантиев

Генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине арналган көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өтүп жатат

Жалал-Абаддагы “Телтору” ат майданында милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине жана 9-Май “Улуу Жеңиш” күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өтүп жатат. 

Бүгүн 3-майда улуттук көк бөрү оюнунун ачылыш аземинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев УКМКнын өздүк курамынын атынан Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитовго 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Тойота Королла” үлгүсүндөгү автоунаа тапшырды. 

Камчыбек Ташиев милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев кыргыз мамлекетинин, кыргыз милициясынын тарыхында өз орду бар инсан экендигин белгиледи.

Айта кетсек Молдомуса Конгантиев көзү тирүү кезинде улуттук көк бөрү федерациясын жетектеген.

Азыркы учурда улуттук көк бөрү оюну өтүп жаткан “Телтору” ат майданында коомдук тартипти милиция көзөмөлгө алып жатат.

Экс-министр, генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

Бүгүн, 14-февраль күнү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында мурдагы ички иштер министри, милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты Конгантиев Молдомуса Ташболотовичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты  болуп өттү.

Бул иш-чарага  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул  Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков жана  анын орун басарлары, ИИМдин “Генералдар клубунун”  төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, милиция кызматкерлери жана ИИОнун ардагерлери, Молдомуса Конгантиевдин жакын сааналаштары  жана жакындары катышты.
Зыйнатты ачуу үчүн сөз ички иштер министри Улан Ниязбековго берилип, Молдомуса Ташболотовичтин укук коргоо тармагындагы эмгегин баса белгилеп, Кыргыз милициясынын тарыхында анын ысымы алтын тамгалар менен жазылып, анын ички иштер органдары үчүн кылган эмгеги, жасаган иштери милиция кызматкерлеринин жүрөгүндө түбөлүк сакталып калат деп билдирди.
“Бүгүн баарыбыз терең кайгыруу менен кыргыздын улуу инсаны, кыргыз милициясынын чыгаан генералы Молдомуса Ташболотовичти акыркы сапарга узатып жатабыз.
Молдомуса Ташболотович милициянын анык иштерманы, дайыма талыкпаган аракеттин үстүндө жүргөн, кесипкөй адам болчу.
Элдин коопсуздугу үчүн 30 жылдан ашык экгектенип, катардагы милиционерден, министр кызматына чейин жетип, коомдун тынч жашоосуна өмүрүн арнаган адам эле.
Анын адамгерчилиги, иштермандыгы, өжөрлүгү адамдык боорукерлиги, кол алдындагы кызматкерлерине атасындай жасаган камкор мамилеси, ар бир маселени түпкүрүнөн түшүнө билген мүнөзү анын жакшы инсан экенин белгилеп турат.
Ошондуктан, генерал агабыз кыргыз милициясынын тарыхында тайманбас, намыскөй жана өз кесибин мыкты билген эмгекчил генерал катары жазылып, ар бирибиздин эсибизде калды.
Молдомуса Ташболотович жөнүндө айта турган болсом сөз абдан көп, жалпылап белгилегенде, милициянын кадыр-баркын жогорулатууга, мындан ары өсүп, өнүгүшүнө зор салым кошуп, кылмыштуулукту алдын алуу, элдин коопсуздугун бекемдөө боюнча ишмердиктин багытын түптөп кеткен белгилүү инсан болгон.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө мезгилинде өзүн укук коргоо органдарынын системасын жакшы билген жогорку кесипкөй жана демилгелүү жетекчи катары көрсөтө алды.
Анын аракетинин аркасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин материалдык-техникалык базасын толугу менен жакшыртуу боюнча практикалык чаралардын комплекси ишке ашырылган. Кызматкерлер үчүн турак жайлар  курулуп берилди, шарттар түзүлдү, имараттар курулду, айлыктары көтөрүлдү, элдин милицияга болгон ишеними жакшырды. Айрыкча кесиптик күжүрмөн чеберчиликти күчтөндүрүү жана  спорттун бардык түрүн өнүктүрүү колго алынды. Улуттук спорттун түрлөрүн жогорку деңгээлге көтөрдү.
Молдомуса Ташболотович өзүнүн мазмундуу өмүрүндө чолпон жылдыздай жанып, кыргыз эли, кыргыз милициясы  кылымдарга сыймыктангыдай мурас калтырды.
Ички иштер министрлигинин соңку тарыхында анын ысымы алтын тамга менен жазылды, генералдын өмүрү, басып өткөн жолу, кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө кошкон салымы зор экендигин билебиз.
Урматтуу Молдомуса Ташболовичтин үй-бүлөсү, туугандары жана жакындары, Молдомуса Ташболотович сыяктуу эр жүрөк агаларыбыз дайыма биздин эсибизде, биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.
Ички иштер министрлигинин наамына алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин ички иштер министрликтеринен Молдомуса Ташболовичтин үй-бүлөсү, жакындары,кесиптештерине көңүл айтуулар байма түшүүдө.
Сиздерге дагы бир жолу ИИМдин жетекчилигини атынан, коллегия мүчөлөрүнүн атынан, жалпы ички иштер органдарынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кайрат кылыңыздар.
Кош болуңуз жолдош генерал, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!”, – деп кайрылуусун жасады Улан Ниязбеков.
Мурдагы ички иштер министри, милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты Молдомуса Ташболовичтин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Меню