Menu

Мукталы Бектеналиев

Маданият министринин орун басары Салтанат Аманова, Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев ээлеген кызматтарынан бошотулду

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев да ээлеген кызматынан бошотулду.

Борбордук аппараттын кызматкерлери менен болгон кеңешмеде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов маалымдагандай, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругуна ылайык, Түмөнбай Колдошев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды.

Эдил Байсалов министрликтеги эскирген иш ыкмаларын жана учурдун талабына, маданияттын заманбап тенденцияларына жооп берген жаңы демилгелердин, идеялардын жоктугун сынга алды.

«Мен кесиптештеримди Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ведомствонун алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бирдиктүү иш алып барууга чакырат элем», – деди ал.

Меню