Menu

Мультимодалдык каттам

Ысык-Көлдө «АТР өлкөлөрү - Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан - Түркмөнстан - Азербайжан - Грузия - Түркия – Европа» эл аралык мультимодалдык каттамын өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды

Бүгүн,  30-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «АТР өлкөлөрү – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан – Грузия – Турция – Европа» эл аралык мультимодалдык коридорунун долбоорун илгерилетүү боюнча темир жол администрация башчыларынын алты тараптуу жыйыны өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев катышуучуларды куттуктап, бул иш-чаранын ролун белгилеп, анын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдер темир жол транспорту тармагындагы мындан аркы кызматташууга түрткү берерин баса белгиледи.

Өз кезегинде «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев АТР өлкөлөрүнүн аймагында жүк ташуу чөйрөсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берген иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

«Жыл сайын өткөрүлүүчү жолугушуулардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, каттамды өнүктүрүү долбоору өзүнүн чектерин кыйла кеңейтип, темир жол администрацияларынын, логистикалык компаниялардын жана башка каттам катышуучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча актуалдуу маселелерди чечүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп калды», – деди А.Сакиев.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар мультимодалдык маршруттун аткарылышын талкуулап, жыйынтыгында аталган  маршрутту өнүктүрүү боюнча бир катар иш-чараларды камтыган  протоколго кол коюлду.

Иш-чарага Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Грузиянын, Түркиянын темир жол башкармалыктарынын, ошондой эле Азербайжандын логистикалык компаниясынын жетекчилери  жана өкүлдөрү катышышты.

Маалымат үчүн:

АТР – Азия-Тынч океан өлкөлөрү

Мультимодалдык коридор – автомобиль жана темир жол транспортун бириктирген консолидация формасы

Меню