Menu

Мыйзамдын үстөмдүгү институту

Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту түзүлдү. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченем жаратуу ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ченем жаратуу процесстерине илимий ыкмаларды киргизүү максатында кабыл алынган.

Мындан улам жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17, 22-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтун түзүү чечими кабыл алынды.

Буга катар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту жөнүндө жобо бекитилди

Меню