Menu

Мыйзамсыз миграция

УКМК: Сүлүктүнүн көмүр кампаларында мыйзамсыз иштеп жана жашап жаткан Тажикстандын 11 жараны кармалды

КР УКМК тарабынан мыйзамсыз миграция каналы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Тажикистан Республикасынын жарандары Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде мыйзамсыз жашап жана иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. 

Ушул жылдын 29-апрелинде Сүлүктү шаарынан УКМК кызматкерлери тарабынан Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Жаббар-Расулов районунун Коргончо айылынын туулуп-өскөн тургундары, белгиленген тартипти бузуу менен мыйзамсыз эмгектенип жүргөн 11 жаран кармалды. 

Бул факты боюнча 2022-жылдын 30-апрелинде КР УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш иши катталган. 

Кармалган Тажикстан Республикасынын жарандары УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

ИИМ: Кыргызстандын жарандарына Бельгиянын, Франциянын, Нидерландиянын, Испаниянын жана Грециянын паспортторун жасап берип жүргөн Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургуну кармалды

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөргө мыйзамсыз миграциясын уюштурган каналын аныкташты.
2020-жылдын декабрь айында жумуш менен камсыз кылган жеке  агенттиги “PEACE”  ЖЧКсы белгилүү бир суммага Европа өлкөлөрүнүн паспортторун жасалмалоо аркылуу Европада жана Америка Кошмо Штаттарында жарандарды жумушка орноштуруу боюнча кызматын мыйзамсыз көрсөтүп келген.
Бул паспортторду колдонгон жарандар (жасалма) Украинанын чек ара кызматы тарабынан кармалып, Кыргыз Республикасына кетирилген.
Бул факты КЖБРге катталып, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жашырынып жүргөн, мурда бир нече жолу соттолгон Ж.У. аттуу жаран кармалды.
Учурда кармалган адам Бишкек шаарындагы тергөө абагына   киргизилди.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бельгиянын, Франциянын, Нидерландиянын, Испаниянын жана Грециянын жасалма паспорттору, компьютердик техникалар жана  кеңсе техникалары табылып алынды. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бардыгын  аныктоо үчүн жабыр тарткан жарандардан Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКга телефон аркылуу кайрылууну суранабыз: (0312) 26-61-70, (0312) 26-61 -65, 0700 84-84-40, 0703 55- 81-25.

ИИМ: Кыргызстандан Бурятияга мыйзамсыз миграцияны уюштуруу каналы аныкталды

ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына чагылдырылган Россия Федерациясынын Бурятия Республикасына иштегени келишкен 6 кыргызстандыктын паспортторун жумуш ээлери алып коюшуп, аларды мыйзамсыз кармап жүрүшкөн деген маалыматты текшеришкен.
Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны Т.Н. Кыргыз Республикасынын жарандарын өлкөдөн тышкары жумушка орноштуруу иштерин жүргүзүүгө уруксаты жок болсо дагы кыргыз жарандарын мыйзамсыз Россия Федерациясынын Бурятия Республиксына жөнөткөндүгү аныкталды.
Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөдө жумушка орношуудагы жакшы шарттарды жана жогорку кирешени убада кылган кызмат көрсөтүүлөрдү социалдык тармактар  жана Бишкек шаарынын базарларында жайгаштырылган жарнамалар аркылуу билишкен.
Мындан тышкары, кармалган адам мигранттарга Россия Федерациясына кирүүгө укук берүүчү жасалма күбөлүк бергендиги аныкталган.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 122-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) менен катталып, жаран Т.Н. ге шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарлама берилип, ага  карата иш сотко жиберилди.
Меню