Menu

Мээрим Тилекова

УКМК: КР Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Мээрим Тилекова опузалап пара алууга шектелип кармалды

КР УКМК үстүбүздөгү жылдын 17-майында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри А.Бейшеналиевдин кеңешчиси, 1993-жылдын 3-сентябрында туулган  Тилекова Мээрим Тилековнанын жашаган жери аныкталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилди.

     Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Меню