Menu

Мөңгүлөр

Садыр Жапаров: “Мөңгүлөрдүн эриши менен табигый суу запасынын азайышы орду толгус кырсыкка алып келиши мүмкүн”

“Мөңгүлөрдүн эриши менен табигый суу запасынын азайышы орду толгус кырсыкка алып келиши мүмкүн”,- деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «The Independent» британ басылмасына берген эксклюзивдүү маегинде.

Мамлекет башчысы өзүнүн интервьюсунда климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу мамлекеттердин элдерине тийгизген катуу таасири көп учурларда көз жаздымда калып жатканын айтты.

“Дүйнө жүзү кесепеттери тийип калышы мүмкүн болгон климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө дуушар болууда”,- деди ал.

“Бул өзгөчө тоолуу өлкөлөргө тиешелүү, анткени бул көйгөйлөр тоолуу аймактар үчүн кыйла динамикалуу жана спецификалык мүнөзгө ээ: мөңгүлөрдүн эриши менен табигый суу запасынын азайышы орду толгус кырсыкка алып келиши мүмкүн.

Мына ошондуктан эл аралык коомчулук климаттын өзгөрүшүнөн улам катуу жапа чеккен өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөрдүн муктаждыктарына өзгөчө көңүл бурушу зарыл жана климаттын өзгөрүшүнө каршы чара көрүүдө «климаттык адилеттүүлүк» концепциясынын маанилүүлүгүн эске алуусу кажет.

Кыргызстан – дээрлик он миңдеген мөңгүнүн мекени. Акыркы жыйырма жылдын ичинде биз суу ресурстарынын акырындык менен азайышына алып келген кылым карыткан мөңгүлөрдүн кайра калыбына келбегидей эригенине күбө болуудабыз”,- деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы журналист менен болгон баарлашууда ал  тоолуу аймакта чоңоюп, ал жактагы айлана-чөйрөнүн кандай өзгөрүп жатканын өз көзү менен көргөндүктөн, бул көйгөйдү коомчулукка жеткирүүгө анын чечкиндүүлүгү өзгөчө актуалдуу болгонун түшүндүрүп берди.

“Мен туулуп-өскөн айылыма бат-баттан барып турам, – дейт ал, – көз ачып-жумганча мөңгүлөр четинен жоголуп баратканын байкайм. Тоолорубуздагы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине күбө болгондуктан, мындай маанилүү маселени Глазгодо көтөрүүгө туура келди.

Адамдар бул тууралуу климаттын өзгөрүшүнүн башка мамлекеттерге тийгизген таасири катары айтышпайт, анткени алар Кыргызстан сыяктуу өлкө жана ал жердеги көйгөйлөр тууралуу билишпейт. Эгер бул Улуу Британия же АКШ сыяктуу чоң мамлекет болгондо жана бул өлкөлөрдө ушундай көйгөйлөр болсо, анда баары башкача болмок. Эл аралык коомчулук бизди байкабай калууда, бирок байкашы керек эле”,- деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

2022-жыл 21-июнь

Эмомали Рахмон: мөңгүлөр ээрисе, Борбор Азияда суу тартыштыгы жаралат

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон суу-климат коалициясынын лидерлеринин 4-июнда өткөн жыйынында мөңгүлөрдүн ээриши Борбор Азия үчүн терс таасирин тийгизерин билдирди.

Рахмондун айтымында, суу ресурстары Тажикстандын өнүгүшүндө негизги ролду ойнойт, ошол эле маалда дал ушул маанилүү ресурстар климаттын өзгөрүшүнөн жабыркоодо. Ошол эле маалда Тажикстан өндүрүшү өнүккөн өлкө эмес, республикада электр кубатынын 98 пайызы гидроэнергетиканын эсебинен өндүрүлөт.

Рахмон ондогон жылдар аралыгында Тажикстанда 1000ден ашуун мөңгү жок болгонун, натыйжада өлкөдөгү мөңгүлөрдүн жалпы аянтынын үчтөн бир бөлүгү кыскарганын айтты.

Тажикстан президенти эгер мөңгүлөр ээрий берсе, Борбор Азия суу тартыштыгына кептелерин белгиледи. Рахмондун айтымында, Тажикстан өлкөдөгү суу ресурстарынын 4 пайызын гана колдонот, калганы төмөндө жайгашкан өлкөлөргө кетет.

“Эгер алтымышынчы жылдары аймакта калктын жан башына жылына 8 миң метр куб суу кетсе, азыр бул көрсөткүч төрт эсеге жогорулады”, – деди Рахмон.

Борбор Азия чөлкөмүндө Тажикстан менен Кыргызстан суу башында жайгашкан. Бир нече жыл мурун төмөндөгү өлкөлөр, анын ичинде Өзбекстан суунун бөлүштүрүлүшүнө жана дарыялардын башына суу сактагычтарды курууга каршы чыккан.

Меню