Menu

Назарбаев мечит

Нурсултан Назарбаев Нур-Султанда аянты 10 гектар Борбор Азиядагы эң ири мечитти ачты

Бүгүн, 12-августта Нур-Султанда Борбор Азиядагы эң ири  мечит ачылды. Аны өлкөнүн мурунку президенти Нурсултан Назарбаев ачты.

“Мечит жайгашкан жер 10 гектар. Күмбөздүн бийиктиги 83,2 метр, диаметри 62 метр. Мечиттин төрт мунарасы бар Ар биринин бийиктиги 130 метр”, – деп жазады Informburo.kz.

Бул жерде бир учурда 30 миң адамга чейин намаз окуй турган орун бар. Мечиттин алгачкы ташын 2019-жылы март айында Назарбаев отставкага кеткен күнү өзү койгон.

Назарбаев мечиттин ачылуу аземи учурунда “бул жеке жарандар менен инвесторлордун эсебинен салынган фундаменталдуу мечит” экенин айтты.

Мечиттин ачылышына Назарбаев бийликте кезде айланасында жүргөн кишилер келген. Арасында Казакстандын мурдагы премьер-министри Аскар Мамин, экс-сенатор Куаныш Султанов Жамбыл жана Алматы облустарынын мурунку акимдери Бердибек Сапарбаев менен Амандык Баталов бар.

Меню