Menu

Назарбек Нышанов

Бийликти күч менен басып алуу боюнча коомчулукка кайрылуусу үчүн Кыргызстандын патриоттук партиясынын генералдык катчысы Назарбек Нышанов кармалды

Үстүбуздөгү жылдын 6-февралында улуттук коопсуздук органдары тарабынан социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды таратуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ошондой эле соттук-лингвистикалык экспертизанын жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруунун белгилеринин бар экендиги жөнүндө иш боюнча алынган башка далилдердин негизинде, КР жараны Н.Н.А. кармалып КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. 

КР УКМК жарандарды социалдык тармактарда араздашууну тутандырууга, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган ар кандай антиконституциялык чагымдарга жана чакырыктарга алдырбоого чакырат. 

Назарбек Нышанов 1998-жылдан бери Кыргызстандын патриоттук партиясынын генералдык катчысы болуп бир нече жолу президенттик шайлоолордо президенттикке талапкер катары аракет кылган.

Меню