Menu

Наркобизнес

Бажы кызматы: «Манас» бажысы АКШдан Кыргызстанга «марихуана» баңги затын ташыган трансулуттар аралык топту кармады

«Манас» бажысынын кызматкерлери КР ИИМ БМЖККК жана УКМК кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө эл аралык почта компаниясы аркылуу АКШдан «марихуана» баңги затын жеткирген туруктуу каналды түзгөн трансулуттар аралык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту жана жок кылышты. 

Табылган «марихуана» баңги затынын жалпы салмагы 2 кг 99 граммды түзгөн.

Мындан тышкары, батирде тинтүү жүргүзүлүп, андан ары жашыруу үчүн баңги заттары жана маскировка каражаттары алынган.

Натыйжада Telegram мессенджери аркылуу саткан, бул каналдын уюштуруучулары КР жарандары «И.А.» жана «А.А.» кармалган.  

Учурда бул иш боюнча бардык материалдар ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары иш-аракеттери жатат.

Сокулукта Тажикстандан маңзат ташыган топтун мүчөлөрү кармалды

Милиция кызматкерлери Тажикстандан Кыргызстанга маңзат ташып жүргөн трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармашты.

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, шектүүлөрдөн 12 килограммдан ашык гашиш алынды.

“13-январда саат 19:00 чамасында Чүй облусунун Сокулук районундагы мечиттердин биринин жанында “Гашиш” (афган чарсы) баңгизатын сатууга аракет кылып жатышкан 1968-жылы туулган Г.К. менен 1964-жылы туулган А.Х. кармалды. Скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү таңгакталган баңгизаттын салмагы 12 кг 170 граммды түзгөн”-, деп айтылат билдирүүдө.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

ИИМ: Баңгизат пайдаланып алып, көчөдө жүргөн милиция кызматкери камакка алынды

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы тарабынан Бишкек шаарынын Ахунбаев-Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук күзөт кызматынын милиционери Э.А. кармалып, анын кызматтык формасынын бушлатынын сол чөнтөгүнөн целофанга оролгон өзгөчө жыты менен кочкул-күрөң түстөгү 8,26 грамм болгон белгисиз зат табылып алынган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыш иши козголгон.
Ошол эле күнү  милициянын кенже сержанты Э.А. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Наркология борборуна алып барышып, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөргөн учурда баңгизатын колдонгону аныкталган. Андан тышкары, милициянын кенже сержанты Э.А. жогоруда көрсөтүлгөн далил зат катары алынган кочкул-күрөң түстөгү баңгизатты сатып алган дарегин айткан. Көрсөткөн дарек боюнча Бишкек шаарынын “Жал”  кичирайонундагы батирлердин бирине тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжасында өзгөчө жыты менен кочкул-күрөң түстөгү 57 граммдан ашык  зат табылып алынган.
Жогоруда көрсөтүлгөн даректе баңгизатты колдонуп отурган Бишкек шаарынын   4 жараны:  29 жаштагы Ч.М менен жаштагы  Ш.уулу Ч., 33 жаштагы А.Б., 31 жаштагы Б.И. Бишкек ШИИББдин тергөө кызматына бардык далил заттар менен бирге жеткирилген.
Мындан сырткары, жогорудагы жарандарды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Наркология борборуна алып барышып, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөргөн учурда баңгизаттарын колдонушаары тастыкталды.
Аталган кылмыш ишинин алкагында кармалган Бишкек шаарынын Свердлов райондук күзөт кызматынын милиционери Э.А. тергөө аяктаганча тергөө абагына камакка алынды.  Ошондой эле үйүнөн баңгизат табылган “Жал” кичирайонунун тургуну 29 жаштагы Ч.М. камакка алынды.
ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, мыйзамды бузгандардан, бангизаттарын пайдалангандардан тазалоого багытталган иштерди улантат жана улантып келүүдө.

ИИМ: Ысык-Көлдө Бишкекке жеткирип сатуу үчүн даярдалган 62 кг ашык марихуана жана 10 кап кара куурай баңгизаттары кармалды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарына баңги каражаттарын жеткирүү жана сатуу каналын түзгөн адамдарга карата атайын ыкчам-тергөө аракеттери биргелешип жүргүзүлүп, 2022-жылдын 10-декабрында, болжол Ысык-Көл областынын Ананьево айылында жашаган үйлөрдүн биринде тергөө-ыкчам иш-чараларды өткөрүү учурунда, 1964-ж.т. Э.К. үйүнүн ичин кечиктирилгис тинтүүдө бөлмөдөн кара куурайдын өзгөчө жыты бар кара-жашыл түстөгү өсүмдүк заты бар боз түстөгү 10 мүшөк, ошондой эле жогоруда аталган үйдүн короосунан кызматтык-издөөчү иттердин жардамы менен жер астынан кара куурайдын өзгөчө жыты бар кара-жашыл түстөгү өсүмдүк заты бар болжол менен 500 литрлик пластик канистр табылган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалисттик кызматынын корутундусуна ылайык, алынган зат таза салмагы 62 килограмм 415 грамм болгон “марихуана” баңги каражаты болуп саналат.
Бул кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-97-беренелери негизинде, 1964-ж.т. Э.К.  аттуу жаран Бишкек ШИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө.

ИИМ: Чүй облусунда баңгилаборатория аныкталып, 30 килограммдан ашык синтетикалык баңгизат алынды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы тарабынан узак убакыт бою республиканын аймагында жана коңшу республикалардын чек ара аймактарында сатуу максатында синтетикалык баңги заттардын ири партияларын даярдоо үчүн химиялык реактивдерди алып келүүнүн контрабандалык каналын жөнгө салган эл аралык баңги синдикатынын ишине бөгөт коюуга багытталган изин суутпай издөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп келген.
Үстүбуздөгү жылдын 26-декабрында кечиктирилгис тинтүү жүргүзүүдө Чүй облусунун аймагында синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү боюнча баңгилаборатория табылган, анда 1998-жылы туулган Т.Т., 1995-жылы туулган У. Б., 1974-жылы туулган А. Р. кармалып, тинтүү учурунда синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү (синтез) менен алектенген.
Алынган психотроптук заттардын жалпы салмагы 30 кг ашык болгон, мындан тышкары: көлөмү 20 литр болгон 140 даана канистр, көлөмү 30 литр болгон суюк түрдөгү белгисиз химиялык заты бар 12 даана канистр, синтетикалык баңгизаттарды даярдоо үчүн реактор, “нутч фильтр” (химиялык реактивдерди суусуздандыруу үчүн, атайын аба чыпкасы 5 даана, тараза, жеке химиялык коргонуу каражаттары, даяр продукцияны фасовкалоо жана таңгактоо үчүн материалдар ж. б.) табылып, алынган.

Жогоруда көрсөтүлгөн психотроптук заттарды сатуудан эл аралык баңгисиндикаттын баасы 180 млн. сомдон ашыкты же 2 млн. 68 миң 965 АКШ долларын түзмөк.
Белгилей кетсек, мындай нерсе көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

Меню