Menu

Нарын мамлекеттик университети

УКМК: Нарын мамлекеттик университети 1083 чет элдик студентти экзаменсиз кабыл алгандыгы үчүн кылмыш иши козголду

КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө билим берүү кызматтарын экспорттоо багытында өлкөнүн кызыкчылыгына жана имиджине зыян келтирген, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин чет элдик студенттерди кабыл алуу, которуу жана окутуу тартибин 2020-2021 жана 2021-2022-окуу жылдарында одоно бузган фактылары аныкталды.  

Университеттин жетекчилиги кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү менен сүйлөшүп алып, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, өлкөнүн билим берүү тармагындагы мыйзамдарынын талаптарына дал келбеген чет өлкөлүк студенттерди (2020-жылы 414, 2021-жылы 679 студент кабыл алынган) кабыл алуу боюнча чечимдерди кабыл алган. 

Чет өлкөлүк студенттер кирүү экзаменин тапшырбай кабыл алынганы, аларды С.Нааматов атындагы НМУга кабыл алуу жөнүндө буйруктар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан чет өлкөлүк окуу жайлары берген билим берүү жөнүндөгү документтеринин деңгээлинин ылайык келүүсү жөнүндө жүргүзүлчү экспертизасы жок эски мөөнөттөр менен чыгарылганы аныкталды. Ошол эле учурда, кабыл алынган студенттердин көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын аймагында узак убакыт бою жок болушкан жана ошондой эле, толук бир окуу жылына (2 окуу семестри) арналган окуу сабактары 1 семестрде өткөрүлгөн.

Бул мыйзам бузуулар КР УКМК тарабынан демилгеленген КР Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясынын корутундусу менен тастыкталды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында С.Нааматов атындагы НМУнун жооптуу кызматкерлери Э.Б., Н.Ч., К.Г. жана А.Э. КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү, 346-беренесинин 1-бөлүгү жана 348-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыпталды. Кылмыш ишинин материалдары сот органдарына өткөрүлүп берилди.

Меню