УКМК тарабынан Баткен облусунун аймагында контрабандага каршы күрөшүүнүн алкагында 2022-жылдын 7-октябрында Кара-Бак айылынын чек ара тилкесинде Кыргыз Республикасынын И.К.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа кармалып, анын ичинен көп сандагы “насвай” табылып алынган.
Аталган фактынын негизинде КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын “Баткен” бажысы тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.
2022-жылдын 9-ноябрында Баткен райондук соту Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого жана контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган чараларды күчөтүү боюнча тапшырмасына ылайык, И.К.А. күнөөлүү деп таап, унаасын мамлекетке чегерүү чечимин чыгарды.