Menu

Никол Пашинян

Никол Пашинян ЖККУ саммитинин соңундагы декларацияга кол коюудан баш тартты

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Еревандагы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитин жыйынтыктаган декларацияга кол койгон жок. Бул тууралуу армян өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Анын алдында Пашинян аталган уюмду Азербайжандын Арменияга каршы аракеттерине саясий баа берүүгө, бул маселеде өнөктөштүк көрсөтүүгө чакырган. Ал ошол эле маалда ЖККУдан аскердик жардам сурабай турганын белгилеген.

Беларус президенти Александр Лукашенко саммитте Армения кол коюлчу документтерге кошумча киргизүүнү сунуштаганын, бирок ал колдоо таппаганын айткан.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков саммиттин жыйынтыгы тууралуу комментарий берип жатып, Армениянын ЖККУдан чыгышы тууралуу сөз болбогонун билдирди. Бирок “лидерлер орток пикир таппаган учурлар” болгонун ырастап, муну “азыркы жагдайдын кыйынчылыктары” менен негиздеди.

Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Беларус жана Тажикстан мүчө болгон уюмдун катчылыгы Еревандагы саммитте эл аралык жана аймактык коопсуздук көйгөйлөрү, кризистик кырдаалда чара көрүүнү жакшыртуу жолдору талкууланарын кабарлаган.

Армения: Тоолу-Карабакты азербайжандарга алдырып койгон жана өлкөгө президенттик башкарууну алып келүүнү убада кылган Никол Пашинян кайрадан премьер-министр болду

Никол Пашинян Армениянын премьер-министрлигине бекиди. Мындай жарлыкка өлкө президенти Армен Саркисян кол койду. Пашинянды премьер-министрликке шайлоодон кийин алгачкы жыйынына чогулган парламенттеги «Жарандык келишим» партиясы көрсөттү.

Эми Пашинян 15 күн ичинде өкмөттү курашы керек. Министрликте талапкерлерди депутаттар бекитишет. Маалымат каражаттары өкмөттү куроодо премьер-министрге маселе жаралбай турганын жазышууда. Себеби, учурдагы чакырылыштын үчтөн экисин Пашияндын партиясынын өкүлдөрү ээлеген.

Парламенттин алгачкы жыйынына оппозициячыл партиялардын депутаттары камактагы саясатчылардын сүрөтү түшүрүлүп «саясий туткундар» деген жазуусу бар кийим кийип келишти. Алар бийликке сын айткан саясатчылар куугунтукка кабылып жатканын айтып келишет.

Арменияда мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоо июнь айында өткөн. Ага Тоолуу Карабактагы алты аптага созулган согуштан кийин Азербайжан менен түзүлгөн келишимге байланышкан саясий кризис себеп болгон. Ал учурда согушта Армениянын жеңилишине Пашинянды күнөөлөгөндөр бир нече жума Ереванда нааразылык акцияларын өткөргөн. Кризистен чыгуу жолу катары парламенттик шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган эле.

Шайлоодо Никол Пашияндын партиясы кайрадан көпчүлүк добуш алган.

Эсиңиздерге сала кетсек, өлкөгө парламенттик башкарууну киргизген Никол Пашинян эми президенттик башкарууну кайра алып келүү үчүн референдум өткөрүүгө ниети бар экенин билдирген.

Арменияда шайлоодо Никол Пашиняндын партиясы алдыга чыкты

Арменияда 20-июнда өткөн мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоодо бюллетендердин 70% эсептелди.

Баштапкы жыйынтык боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашиняндын “Жарандык келишим” партиясы алдыда келе жатат.

БШКнын маалыматы боюнча, 2008 добушкананын 1378индеги добуш берүүнүн маалыматына ылайык (болжол менен 1 миллион 281 миң шайлоочунун 758 425 шайлоочусунун добушу иштелип чыккан) “Жарандык келишим” 56,53% ээ болуп, Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочаряндын “Айастан” (Армения) блогу 19, 56% добуш алган.

Кийинки орундарда “Менде Намыс бар” блогу (Артур Ванецян) – 5,34% жана “Гүлдөгөн Армения” партиясы (Гагик Царукян) – 4,4%. Калган күчтөр 2 пайыздан көп эмес добушка ээ.

Арменияда 20-июнда өткөн кезексиз парламенттик шайлоого 21 партия жана 4 блок катышкан. Добуш берүүгө 2,578 миллион жарандын ичинен 1 281 174 же 49,4% катышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню