Menu

Нурбек Токтакунов

УКМК юрист Нурбек Токтакуновдун билдирүүлөрүн жалган деп четке какты

УКМК коррупциялык, экономикалык кылмыштардан келтирилген зыян үчүн жана өлкөнүн бюджетин толтуруу боюнча, улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүргүзүлгөн системалуу иштер туралуу жалган маалымат таратуу аркылуу, жеке пиар максатын көздөгөн “юрист” Токтакуновдун тастыкталбаган жана негизсиз билдирүүлөрү чындыка дал келбестигин билдирет.

Белгилүү болгондой, учурда улуттук коопсуздук органдары, кызматтын спецификасына карабастан, ачык жана үзгүлтүксүз негизде коррупцияга каршы күрөшүү жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турат.

Тактап айтканда, жалпыга маалымдоо каражаттарына республиканын бюджетине кайтарылган зыяндын жыйынды маалыматтары, коомчулуктун кеңири реакциясын жараткан конкреттүү кылмыш иштери боюнча дагы ушундай маалыматтар берилет.

Сынга туруштук бере албаган, Токтакуновдун жалган билдирүүлөрүнүн контекстинде, анын “юрист” деген кесиптик ишмердүүлүгүнө коомчулуктун кызыкчылыгынын жоктугун тартууга багытталган, төмөнкүлөрдү белгилеп кетүү маанилүү.

Улуттук коопсуздук органдары тергеген кылмыш иштеринин алкагында келтирилген зыяндын ордун толтуруу жазык -процессуалдык мыйзамдар менен так жөнгө салынат, анын аткарылышын көзөмөлдөө прокуратура органдары тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Анын үстүнө, белгиленген акча каражаттары, жазык иштери боюнча акыркы процессуалдык чечимдер кабыл алынгандан кийин, дароо жана толугу менен өлкөнүн бюджетине чегерилет, ал эми зыяндын ордун толтуруу үчүн шектүүлөр өткөрүп берген мүлк Мамлекеттик мүлк фондунун балансына алынат.

Жакында улуттук коопсуздук органдары коррупция жана экономикалык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча эбегейсиз иштерди жүргүздү, “юрист” Токтакуновдун куру сөздөрү жана жалган билдирүүлөрү коомчулукту адаштырып, кара пиар аркылуу коррупцияга каршы жүргузүлгөн саясаттын оң натыйжаларын жаманатты кылууда.

Ички иштер министри менен баш прокурорду кызматтан алуу талабы коюлду

Жарандык активисттер телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берген кызматкерлерди жоопко тартууну талап кылууда.

Нурбек Токтакунов, Клара Сооронкулова, Сания Токтогазиева жана башка он чакты активист тараткан билдирүүгө ылайык, Биринчи Май райондук соту 6-январда жүздөн ашуун адамдын телефонун тыңшоого уруксат берген токтом чыгарган. Буга ИИМдин тергөө кызматынын башчысы А. Жумабаевдин өтүнүчү негиз берген.

Тергөө кызматы жүздөн ашуун адамдын иши былтыр 5-октябрдагы Ак үйдү басып алуу боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынганын сотко маалымдаган. Тергөө кызматы сотко берген жүздөн ашуун оппозициялык маанайдагы адамдардын ичинде октябрь окуяларына эч кандай тиешеси жок жарандар да катталганы белгиленген.

Кайрылууну активисттер “Фейсбукка” жарыялап, токтом конституциялык укукту бузуп, адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү болорун белгилешкен.

“Биздин телефондор 6-январдан бери тыңшалып келе жатат. Тизмедеги жарандардын көпчүлүгү бийликтин саясатын сындаган активисттер. Бул жарандардын жеке жашоосу тууралуу маалымат алуу максатында тыңшоо – куугунтук болуп саналат. Токтом чыгарган судья Ч. Бердимуратов тергөөчү тарабынан сунушталган тизмедеги адамдардын иликтенип жаткан ишке тиешеси бары-жогун териштирбей туруп бул кадамга барган”, – деп белгилеген активисттер президент Садыр Жапаровдон бул фактыга тиешелүү кызматкерлерди жоопко тартууну талап кылышты.

Алардын ичинде ИИМ министри Улан Ниязбековду жана баш прокурор Курманкул Зулушевди кызматтан алуу, ал эми тергөө кызматынын башчысы А. Жумабаев менен Биринчи Май районунун судьясы Ч. Бердимуратовду кылмыш жоопкерчилигине тартуу талап кылынган.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, калайман тополоң бийлик алмашуу менен аяктаган.

Бул окуядан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) массалык калайманды уюштуруу, мамлекеттик мекемелерди басып алуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон. Бир катар жарандык активисттер суракка чакырылып, саясатчы Жеңиш Молдакматов жана башка адамдар кармалып, камалган.

Меню