Menu

Нурлан Айтмурзаев БУУда

КР Президентинин Тоолор боюнча атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев иш сапарынын алкагында Нью-Йоркто эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү иш-аракеттеринин беш жылдыгын» (беш жылдык) жүзөгө ашыруу боюнча атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында бул демилгенин концепциясын тааныштыруу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын Нью-Йорктогу Кеңсесинин өкмөттөр аралык иштер боюнча Директору Джамиль Ахмад, ЮНЕСКОнун Нью-Йорктогу Кеңсесинин Директору Элиот Минченберг, Бириккен Улуттардын Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Нью-Йорктогу Кеңсесинин Башчысы Гуанчжоу Цюй, БУУ Токой боюнча Форумунун Катчылыгынын Директору Джулиетта Биао, ошондой эле азыраак өнүккөн өлкөлөр, деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жана аралдагы өнүгүп келе жаткан чакан мамлекеттер боюнча Жогорку өкүлдүн Кеңсесинин өкүлү Гледис Мутангадура менен жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Атайын өкүл «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү иш-аракеттеринин беш жылдыгы» концепциясы тууралуу кеңири маалымат берип, ошондой эле тоолуу өлкөлөр туш болгон көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган Кыргызстандын тоо демилгелеринин комплекси тууралуу кабарлады. Тактап айтканда, кыргыз тарап БУУда өз кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо үчүн тоолуу өлкөлөрдүн коалициясын түзүүнү сунуштай турганын белгиледи. Мындан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында 2023-2027-жылдарды ушул «Беш жылдык» жылдары деп жарыялоо тууралуу резолюцияны сунуштоо пландалгандыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу, кыргыз тарап аталган эл аралык уюмдарга бул демилгени ишке ашыруучу агенттик катары кошулууга чакырды.
Өз кезегинде эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кыргыз тараптын сунуштары кызыктуу болгонун белгилеп, аларды андан ары дыкат карай тургандыктарына ишендиришти.
Меню