Menu

Нурлан Асанбеков

Шаардык сот Кемпир-Абад иши боюнча кармоолорду мыйзамдуу деп тапты

Бишкек шаардык соту массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө шек саналгандардын бөгөт чарасын жана алардын кармалышынын мыйзамдуулугун карап жатат.

Ага ылайык “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Перизат Суранованын, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин жана жарандык активисттер Али Шабдан, Атай Бейшенбек жана Таалай Мадеминовдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Ушул эле күнү аты аталгандардын бөгөт чарасы дагы каралары кабарланды.

Буга чейин сот Журабаева менен Мадеминовдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Алар Биринчи май райондук сотунун чечими менен 20-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган.

Мындан сырткары 9-ноябрда активист Айбек Бузурманкуловдун, саясатчылар Клара Сооронкулова, Кубанычбек Кадыров, Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасы каралары айтылган.

23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо.

Бир катар укук коргоочулар тынч жыйындар мыйзамга каршы келбей турганын айтып, камоолорду оппозицияга кысым катары баалады.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин жапырт камалгандарды тез арада бошотууга чакырды.

Камактагы Нурлан Асанбеков ачкачылык кармоону улантууда

“Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камакка алынгандардын бири Нурлан Асанбеков ачкачылыгын токтото элек. Бул тууралуу анын адвокаты Алия Сагитова билдирди.

“Мен Нурлан Асанбеков менен 4-ноябрда жолугуп чыккам. Ал 1-ноябрдан тарта эле эч нерсе ичип-жебей баштаптыр. 3-ноябрда убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери мага чалып, Нурлан Асанбеков мени менен жолуктурууну суранып жатканын айтышты. Мен барганымда ал 1-ноябрдан тарта эле ачкачылыкты баштаганын, бирок бул тууралуу кимге маалымат берерин билбей койгонун айтты. 4-ноябрда ачкачылык жарыялаганы боюнча арыз алып, аны тергөө абагына бердик. Ал ачкылыгын токтоткону тууралуу маалымат жок. Дагы деле улантып жатат”, – деди адвокат.

Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Нурлан Асанбеков менен 4-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков жолугуп чыккан. Ал Асанбеков ачкачылык жарыялаганын ырастаган.

Бийлик жана тиешелүү укук коргоо органдары бул тууралуу маалымат бере элек.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Нурлан Асанбековдун үйүндө жашы жете элек эки кызы, оорукчан апасы бар экенин айтып, үй-бүлөнү баккан жалгыз адам болгондуктан аны үй камагына чыгаруу керектигин билдирген.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-24-октябрда жапырт кармалып, калайман башаламандык уюштурууга даярданган деген шек менен эки айга камакка алынган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ишти Кылмыш кодексинин “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү” беренеси менен тергеп жатат. Бул берене менен камалгандардын саны 26га жетти.

Меню