Menu

Нурсултан Назарбаев

Британ бийлиги Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн кыймылсыз мүлкү тууралуу маалыматтарды жарыялады - видео

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жакындары Улуу Британияда оффшордук компанияларга катталган 40 миллион фунт стерлингден ашык мүлккө ээ. Бул тууралуу Times гезити билдирди.

Улуу Британиянын жаңы эрежелерине ылайык, кыймылсыз мүлккө ээлик кылган оффшор компаниялар түпкү бенефициарларын жарыялоого тийиш.

Британ реестериндеги маалыматка караганда, Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Лондондун түндүгүндө баасы 9,3 миллион фунт стерлинг турган сарайга жана Челсиде 31 миллион фунт стерлингге бааланган эки батирге ээ. Мүлк Панамадагы Tropicana Assets Foundation жана Villa Magna Foundation оффшордук компанияларында катталган. Бул мүлктөр буга чейин эле британ басылмаларынын көңүлүн бурган.

Назарбаевдин күйөө баласы, ортончу кызы Динаранын күйөөсү Тимур Кулибаев Беркширдеги Саннингхилл паркын 2007-жылы азыркы падышанын иниси, принц Эндрюдан оффшордук компания аркылуу сатып алган. Ал бул үчүн 15 миллион фунт стерлинг төлөгөн. Times гезити Кулибаев Виргин аралдарында катталган компания аркылуу Гайд-парктын жанындагы 1,5 миллион фунт стерлинг турган кыймылсыз мүлккө да ээ экенин жазган.

2020-жылы казак журналисттери Казакстандын мурдагы президентинин үй-бүлөсүнө Испания, Франция, Швейцария, АКШ, Чехия жана Улуу Британияда жалпы баасы 785 миллион доллардан кем эмес үйлөр жана сарайлар тиешелүү экенин жазган.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев кол тийбестигинен ажыратылды

Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев “Казакстандын биринчи президенти – Елбасы тууралуу” мыйзамдын күчүн жокко чыгарган жарлыкка кол койду.

Бул мыйзамда өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө бир катар артыкчылыктар, анын ичинде мамлекеттин эсебинен өмүр бою коопсуздугун каржылоо жана күзөт берүү каралган.

Мындан тышкары Токаевдин жарлыгы менен Назарбаев өзү ээлик кылган мүлктөрдүн кол тийбестигинен, анын жакындары жеке кол тийбестигинен ажыратылды.

Мажилис депутаттары өткөн айда конституциялык мыйзамды жоюуну бир добуштан колдоп, экс-президент Нурсултан Назарбаевге жана анын үй-бүлөсүнө көптөгөн артыкчылыктарды берген конституциялык мыйзамды жокко чыгарган. Ага чейин Конституциялык сот “Биринчи президент тууралуу” мыйзамды 2022-жылдын июнь айындагы жалпы улуттук референдумдун жыйынтыгына карап жокко чыгарган.

Казакстанда 2022-жылдын июнь айындагы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумда ондон ашык оңдоп-түзөтүүлөр кирген. Мындан тышкары Баш мыйзамдан биринчи президент тууралуу бардык жобо алынган. Назарбаев “Ардактуу сенатор” наамынан да кол жууган. Бул мыйзам 2020-жылы кабыл алынып, бир нече жолу оңдоп-түзөтүүлөр киргизилген.

Казакстанда экс-президенттин кол тийбестиги Конституцияда жана “Президент жөнүндө” мыйзамда жазылган. Бул мыйзамдын 36-беренесинде “мурдагы мамлекет башчы мамлекетке чыккынчылык кылган учурларды кошпогондо, президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланыштуу аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылбайт” деп жазылган.

Казакстанда 30 жылдай бийликте турган Нурсултан Назарбаевдин жакындары жана санаалаштары өлкөдөгү эң таасирдүү фигураларга айланган. Агасы, кыздары жана күйөө балдары курулуш, соода, транспорт жана банк тармагында эбегейсиз бизнеске ээ болуп, байыган. Алардын байлыгынын булактары ачык айтылбайт. Батышта Назарбаевдердин кыймылсыз мүлкүн “күмөндүү каражаттарга” сатылып алынган деген жүйө менен камакка алууга аракет кылган учурлар болгон.

Токаевдин оппоненттери анын демилгелери жылдап гүлдөгөн коррупциядан, автократиялык системаны арылууга багытталбаганын сындап келишет.

Нурсултан Назарбаев жөнүндө документалдуу фильм тарткан америкалык кинорежиссер Оливер Стоунга казактар $5.000.000 төлөп беришкен

Америкалык режиссер Оливер Стоундун Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев тууралуу тарткан фильмине беш миллион доллар жумшалган.

Каражат Назарбаев көзөмөлдөгөн фонддон которулган. Бул тууралуу Vlast.kz жана OCCRP билдирди.

Сегиз бөлүктөн турган кыска-сериал жана өзүнчө толук метраждуу фильм 2021-жылы жарыкка чыккан.

2021-жылы Стоун менен фильмдин режиссеру Игорь Лопатенок The Guardian басылмасына казак өкмөтүнүн тасмага тиешеси жок экенин айтышып, бирок каржылоо маселеси тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартышкан.

Бирок августта Назарбаев көзөмөлдөгөн кайрымдуулук фонддордун бири менен даректүү тасманын авторлору ортомчулар аркылуу келишим түзгөнү аныкталган.

Документке ылайык, “Улуттук кинону колдоо боюнча мамлекеттик борбору” уюму “Казакстан Республикасынын Биринчи президенти – Елбасынын фондунан” фильм үчүн жети миллион доллар алган.

Сентябрда борбордун төрагасы Vlast.kz басылмасынын журналисттерине 5 миллион доллар Global 3 Pictures продюсердик компаниясына которулганын тастыктаган.

Оливер Стоун – америкалык кинорежиссёр, сценарист жана продюсер. “Оскар” сыйлыгынын үч жолку ээси.

2017-жылы ал “Путин менен маек” деп аталган эки сааттык документалдык тасмасын жана китебин чыгарган.

Мындан тышкары Стоун Фидель Кастро тууралуу үч документалдык тасма тартып, түрдүү жылдары латын америкалык диктаторлор менен чоң-чоң маектерди уюштурган.

Ысык-Көлдө Нурсултан Назарбаевдин эстелиги алынып салынган

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин эстелиги “Рух Ордо” маданий борборунун аймагынан алынып салынды. Бул тууралуу KaktusMedia кабарлады.

Эстелик көлдөн алыс эмес жерде – арканын оң тарабында орнотулган. Басылма эстеликти болжол менен бир жыл мурун – 2020-жылдын ортосунан 2021-жылдын ортосуна чейин алып салышканын жазды. Себеби ошол кезде эс алгандардын видеосунда эстелик көрүнгөн эмес.

Президенттик администрация эстеликтин алынганы жөнүндө маалыматка комментарий бере элек.

Эстелик 2005-жылы Назарбаевдин 65 жылдыгынын урматына орнотулган.

Назарбаевдин эстелигинин жоголгону тууралуу маалымат Чолпон-Атада Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев бейформал форматта жолуккан күндүн эртеси жарыяланды.

Казакстанда борбор калаа, аэропорт, көчөлөр, университет жана мектептер Нурсултан Назарбаевдин ысымын алып жүрөт. Мурдагы президенттин урматына эстеликтер да орнотулган. Көптөгөн казакстандыктар борбор калаанын жана башка объектилердин атын өзгөртүүнү талап кылышып, атүгүл петиция жарыялашкан.

Январь окуялары учурунда Талдыкорганда митингге чыккандар Нурсултан Назарбаевдин айкелин уратышкан.

Назарбаев Путин менен жолукту

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, аны Орусия  күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Назарбаевдин расмий сайты кабарлады.

Билдирүүдө Назарбаев менен Путин эки өлкө ортосундагы мамлелердин түптөлгөнүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бири-бирин куттукташты.

“Тараптар бири-бирине бекем ден соолук, амандык тилеп, ортодогу достук байланышы мындан ары да Казакстан менен Орусия элининин жыргалчылыгы үчүн улана берерине ишеним артышты”, – деп белгиленген кабарда.

Казакстан Кремлди “Орусия күнү” менен куттуктаганы тууралуу маалымат Акордонун сайтына жарыяланган жок.

Назарбаев менен Путиндин жолугушуусу мурдагы президенттин мамлекеттик башкаруудагы таасири алсыраган учурга туш келди. Өткөн аптадагы референдумдан кийин күчүнө кирген Конституцияда туңгуч президент жөнүндөгү бардык сөздөр алынган. Мындан тышкары парламент сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев азыркы өлкө башчы эми Нурсултан Назарбаев менен “акылдашпай” турганын маалымдаган.

Ал ортодо ушул аптада Касым-Жомарт Токаев Орусияга барат деп күтүлүүдө. Акордонун билдиришинче, 17-июнда ал Владимир Путиндин чакыруусу менен 25-ирет өтө турган Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышат.

Нурсултан Назарбаевдин туугандары "Казактелекомдогу" акцияларын мамлекетке кайтарды

Казакстан өкмөтү “Казактелеком” улуттук телекоммуникация компаниясынын 28,8% акциясын мамлекеттин менчигине кайтаруу тууралуу токтом кабыл алды. Бул тууралуу казак өкмөтүнүн Телеграм-каналы кабарлады. Мамлекетке өтө турган акциялар Назарбаевдин жакын туугандарына тиешелүү.

Казакстандын байланыш тармагынын монополисти – “Казактелекомдун” 24% ашыгы Кайрат Сатыбалды түзгөн Skyline Investment Company S.A компаниясына таандык. Мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин инисинин уулу Кайрат Сатыбалды азыр камакта.

Маалыматка караганда, “Казактелеком” акционердик коомунун жалпы уставдык капиталынын 24,95 пайызы “тартуу” келишиминин негизинде республиканын менчигине өтөт.

Казак өкмөтүнүн кабарлашынча, Alatau Capital Investment компаниясы да дал ушундай келишимдин негизинде 413 412 акциясын мамлекет менчигине өткөрүүгө макул болду. Акциялар топтому эмне себептен берилип жатканы айтылган жок.

Казакстандын антикоррупциялык кызматы 13-мартта “кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана “Казахтелеком” акционердик коомунун каражатынын уурдалышы” фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Бул кылмышка шектүү катары Кайрат Сатыбалды кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сатыбалды мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген кылмыштарга катышы бары иликтенип жатканы кошумчаланган.

2021-жылы “Азаттыктын” казак кызматы Кайрат Сатыбалды”Казахтелеком” телекоммуникациялык компаниясынын 24 пайыз акциясына ээлик кылган Skyline Investment Company S.A офшордук фирмасынын жападан жалгыз негиздөөчүсү экенин жазган. Бул маалымат люксембургдук LRB реестринин документинен алынган.

HOLA News сайтынан "Назарбаевдин жубайы" тууралуу материал өчүрүлдү

Казакстанда иш алып барган HOLA News интернет-басылмасынын негиздөөчүлөрү Алишер Кайдаров менен Адилет Турсынбек жана башкы редактору Зарина Ахматова долбоордон кетип жатканын билдиришти. Бул тууралуу кабар 15-октябрда басылманын сайтына жарыяланды.

“10 күндүк бөгөттөөдөн кийин бизге негизги принциптен баш тартууга туура келди. Биз сайттагы жаңылыкты өчүрдүк”, — деп жазылган билдирүүдө.

HOLA News сайты Нурсултан Назарбаевдин “бейрасмий жубайы” деп айтылган Асель Курманбаеванын катышуусундагы офшордук келишимдерди ачыкка чыгарган Pandora Papers иликтөөсү тууралуу материалды өчүргөн. Азыр жаңылыкка кирген учурда актай баракча ачылууда.

Октябрдын башында Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) Казакстандын мурдагы президентинин бейрасмий жубайы Асель Курманбаева жашыруун офшордук келишимден 30 миллион доллар пайда тапканы тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда бул келишимге казакстандык дагы эки олигархтын тиешеси бар экени айтылган.

Pandora Papers иликтөөсүнө кайрылган казак басылмаларынын көбү андагы чет өлкөлүк саясатчылар менен ишкерлердин офшор эсептери тууралуу жазып, ошол эле маалда Казакстанга тиешелүү бөлүгүн көз жаздымда калтырышкан.

HOLA News’тан кетип жаткан негиздөөчүлөрү менен сайттын редактору “ишти жаңы команда менен уланта тургандыктарын” билдиришти.

HOLA News жаңылыктар порталы 5-октябрда бөгөттөлүп, 15-октябрда кайра ачыла баштаган.

Казакстан эл аралык Freedom House уюмунун Freedom on the Net баяндамасында “интернети эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына киргизилген. Сентябрда жарыяланган баяндамада казак өкмөтү жарандардын интернетке кирүү мүмкүндүктөрүн чектеп, материалдарды өчүртүү үчүн техникалык эмес каражаттарды, анын ичинде “басым жасоо” жолун колдонууну улантып жатканы белгиленген.

Казакстан дүйнөдөгү сөз эркиндигинин абалы тууралуу “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун рейтингинде 180 өлкөнүн ичинен 155-орунга жайгашкан.

Pandora Papers: Назарбаевдин бейрасмий жубайы $30 млн. тапкан

“Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) Казакстан президентинин бейрасмий жубайы Асель Курманбаева жашыруун офшордук келишимден 30 миллион доллар пайда тапканын аныктады. Иликтөөдө келишимге дагы эки олигархтын тиешеси бар экени айтылат.

3-октябрда Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму жарыялаган жаңы документтер дүйнө жүзүндөгү ондогон мурдагы жана азыркы лидерлер байлыгын офшордук аймактарга жашырганын ашкерелеген.

Асель Курманбаева жана “Улут лидери” жеке мамилелерин эч качан четке кагып же тастыктаган эмес. Анын Назарбаевдин “токолу” экени жөнүндө маалымат “Мисс Казакстан” сулуулар сынагын жеңип алгандан кийин тарай баштаган. Курманбаеванын эки баласы Нурсултан уулу деген фамилияга ээ. Иликтөөнүн авторлору Казакстанда фамилиянын ордуна атасынын атын жазуу кадыресе көрүнүш экенин белгилешкен.

OCCRP билдиргендей, Курманбаева – Казакстандагы мамлекеттик эки бий институтунун көркөм жетекчиси жана балет менен улуттук бий тармагындагы бир нече фирмалардын, фонддордун ээси.

Иликтөөчү журналисттердин тапкан маалыматына ылайык, 40 жаштагы Курманбаеванын Британиянын Виргин аралдарындагы бир офшордук компанияда үлүшү болгон. Бул компаниянын кандайдыр бир олуттуу бизнес же иш менен алектенгени байкалган эмес. Бирок Курманбаева бул офшордук компаниядагы үлүшүн 30 миллион долларга сата алган. Жаңы документтер тууралуу Назарбаев да, Курманбаева да жана аты аталган олигархтардын жакындары да комментарий беришкен эмес.

“Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) жазгандай, бул келишимге экс-президентке жакын Владимир Ни жана Владимир Ким аттуу олигархтардын тиешеси болгон.

Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциумунун колуна офшордук кызмат көрсөткөн 14 фирмадан алынган 12 миллиондой документ тийген. Дүйнөдөгү 35 азыркы жана мурдагы лидерлерден тышкары бул документтердин арасында 91 өлкөдөгү 330дан ашуун саясатчынын жана мамлекеттик кызматкердин жашыруун финансылык ишмердиги тууралуу маалымат бар.

2016-жылы “Панама барактары” долбоору да дүйнөдөгү ондогон аткаминердин офшордук компаниялар менен көмүскө кызматташтыгын ашкерелеген болчу.

Меню