Menu

Ок атышуу

Нарында жер талаштан улам ок атылып, алты адам жараат алды

Нарында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү тургундар жараат алышканын облустук милиция билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 7-июлда кечки саат 11 чамасында болгон, Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын жашоочусунун үйүн бирөөлөр аткылап жатышканы тууралуу маалымат түшкөн.

“Айылдын К.Б. аттуу тургуну ошол эле айылдын 30-40ка чукул тургуну чогулуп, анын үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен талкалап, дарбазасынын сыртында турган “Субару-Аутбек” машинасын өрттөп жаткан учурда үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарган. Натыйжада алты адам денесинен ар кандай жараат алып, облустук ооруканага жеткирилген”, – деп билдирди милиция мекемеси.

Жараат алгандардын үчөөнүн абалы оор болгондуктан аларга операция жасалганы маалымдалды.

Ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, жер талаштан улам эки тарап буга чейин бирин бири айыптап, арыз жазып жүрүшкөн. Айыл тургундары, көбүнчө жаштар, сүйлөшүү үчүн барганда уруш чыгып кетип, аягы ок атуу менен аяктаган.

Окуянын чоо-жайы териштирилип жатат, милиция айылда коомдук тартипти сактоо багытында иш-чараларды жүргүзүүдө.

Панфилов районунда эки адамды тапанча менен атып кеткен жаран кармалды

2021-жылдын 24-июль күнү Панфилов районунун ИИБнө аймактык ооруканага эки жаран 1991-жылы туулган И.А. жана 1997-жылы туулган Ш.Т. аттуу жарандар ок атуучу курлдан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралу Чүй облустук милициянын  басма сөз кызматы билдирет.

Бул малыматтын негизинде дароо Панфилов РИИБдүн жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан. Териштирүү учурунда жогорудагы жарандар Орто-Кайырма айылындагы көчөлөрдүн биринен бейтааныш жаран менен пикир келишпестиктен улам жаракат алышканы маалым богон.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.
Чүй облусунун ИИББдүн жана Панфилов РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга катыштыгы бар деген шек менен 1980-жылы туулган К.Н. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилип анын травматикалык тапанчасы алынган.
Учурда окуянын себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Меню