Menu

Оливье Де Шуттер

Кыргызстан: Адам капиталынын качышын азайтуу үчүн адамдарга инвестиция салыңыз, дейт БУУнун эксперти 

БИШКЕК (3-июнь, 2022-жыл) – Кыргызстандын таланттуу жаштары анын эң маанилүү экспорттук товары болуп калбашы керек, деп билдирди БУУнун өзгөчө жакырчылык жана адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Оливье Де Шуттер, бүгүн өлкөгө болгон 12 күндүк иш сапарынын соңунда жасаган билдирүүсүндө

Кыргызстан 2019-жылы 2,4 миллиард АКШ долларын же өлкөнүн ИДПсынын дээрлик 30 пайызын түзгөн акча которуулар, кен казып алуу жана туризм тармактарынан жана сырткы миграциядан түшкөн кирешелерден өтө көз каранды бойдон калууда. «Акча которуулар биринчи кезекте айылдагы жакыр үй-бүлөлөргө пайда алып келет жана 2019-жылы жакырчылыкты 11 пайыздык пунктка кыскартты. Бирок алар өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясы боло албайт. Бул адам капиталынын болуп көрбөгөндөй өлчөмдө качышы болуп саналат», – деди Де Шуттер. 

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши тарабынан дүйнө жүзү боюнча жакырчылыкты изилдөө үчүн дайындалган көз карандысыз эксперт, БУУнун атайын баяндамачысы кыргыз өкмөтү тарабынан өлкөдөгү жакырчылыкты кыскартуу боюнча жасалып жаткан аракеттер тууралуу баяндама жасоо үчүн чакырылган. Эксперт 23-майдан 3-июнга чейин сегиз министрлик, депутаттар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүчөлөрү, аймактык бийлик өкүлдөрү, жакырчылыктан жапа чеккен адамдар, жарандык коом уюмдары, өнүктүрүү кызматташуусу жана БУУнун агенттиктери менен жолугушту.

Пандемиядан кийинки кыйынчылыктарга жана Украинага басып киргени үчүн Орусияга киргизилген санкциялардын кесепеттерине туш болгон Кыргызстан азык-түлүктүн кымбатташы, акча которуулардан түшкөн кирешенин азайышы жана жумушсуздуктун өсүшүнө каршы күрөшүп келүүдө.

«Кыргызстанда жакырчылык акырындык менен азайып баратканы менен, 2020-жылы калктын төрттөн биринен көбү дагы эле улуттук жакырчылыктын чегинде жашачу. Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, жылдын аягына чейин жакырчылык калктын 38% га чейин өсүп, өлкө жакырчылыкка каршы күрөштө он жылдан ашык убакытты артка кайтарат», – деди Де Шуттер. 

Атайын баяндамачы Кыргызстанды акча которууларга көз карандылыктан арылууга жана мектепке чейинки билим берүүгө, мектептердин сапатын жакшыртууга жана жакырчылыкта жашаган адамдарды коргоо үчүн социалдык коргоо системасын бекемдөөгө көбүрөөк инвестиция салуу аркылуу анын кыйынчылыктарына туруштук берүүгө үндөдү. 

«Быйыл 350 000 жаштар мектепти аяктап жаткандыктан, өлкө жаштарга миграциядан тышкары реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берүү үчүн дагы көп иштерди жасашы керек. Ал экономикасын диверсификациялоо, сапаттуу жумуш орундары менен камсыз кылуу жана формалдуу эмес жумушчулардын формалдуу ишке өтүүсүнө колдоо көрсөтүү үчүн иштеши керек. Антпесе адам капиталынын качуу кризиси созулуп кетет, ал акырында өлкөнүн өнүгүү келечегине зыян келтириши мүмкүн», – деди Де Шуттер. 

Эксперттин пикири боюнча, социалдык коргоо боюнча жөлөкпулдардын камтылышын жакшыртуу өлкөнүн эң жакыр катмарын коргойт, туруктуулукту бекемдейт жана экономика үчүн маанилүү мультипликативдик эффекттерге жетишет. Учурда Кыргызстанда социалдык трансферттер өтө төмөн, ал эми балдарга жөлөкпулдар жана минималдуу киреше схемалары жакыр үй-бүлөлөргө күнүмдүк жашоого араң мүмкүнчүлүк берет. Жакыр үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул алуунун бир айлык босогосу да өтө төмөн деңгээлде белгиленип, иш жүзүндө жакырчылыкта жашаган миңдеген үй-бүлөлөр эсепке алынбайт.

«Социалдык коргоону каржылоо бюджетти талап кылат. Ошондуктан, жумушчуларды формалдуудаштырууну тездетүү артыкчылыктуу милдет болуп калууга тийиш: формалдуу келишими бар жумушчулар социалдык камсыздандыруу схемаларынын турмушка жарамдуулугун гана камсыз кылбастан, салыктарды да төлөшөт. Кен казып алуудан түшкөн ресурстарды ошондой эле элди инвестициялоо үчүн, кен казып алуу тармагынан түшкөн кирешенин бир бөлүгүн социалдык коргоону каржылоого жумшоо керек. Өлкө киргизе турган мындан жакшы инвестиция жок», – дейт эксперт.

Атайын баяндамачы ошондой эле өкмөттү коррупция менен эффективдүү күрөшүүгө үндөдү. «Коррупция жакырчылыкка кабылган адамдарга үч эселенген жазаны киргизет: пара берүү социалдык кызматтарды кымбаттатат; ал өзгөчө өч алуудан коркуп даттанууга батынбаган адамдарга таасир этет; жана инвесторлордун да, донорлордун да өлкөгө кирүүсүнө же калуусуна тоскоол болот», – деди Де Шуттер. 

«Калкына инвестиция салуу жана аларга миграцияга альтернатива берүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо системаларын чыңдоо жана бардык чөйрөлөрдө коррупция менен күрөшүү менен өлкө калкын жакырчылыктан жана адам укуктарынын бузулушунан жакшыраак коргой алат».

Атайын баяндамачы 2023-жылдын июнь айында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине өзүнүн иш сапары тууралуу жыйынтыктоочу баяндамасын берет.

Аягы

Атайын баяндамачынын Кыргызстанга болгон иш сапарынын сүрөттөрү журналисттер үчүн бул жерде жеткиликтүү.

Оливье Де Шуттер мырза БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши тарабынан 2020-жылдын 1-майында БУУнун өзгөчө жакырчылык жана адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы болуп дайындалган. Атайын баяндамачылар Адам укуктары боюнча кеңештин атайын процедуралары деп аталган процесстин бир бөлүгү болуп саналат. . Атайын процедуралар, БУУнун адам укуктары системасындагы көз карандысыз эксперттердин эң ири органы, дүйнөнүн бардык бөлүктөрүндөгү өлкөгө тиешелүү кырдаалдарды же тематикалык маселелерди караган Кеңештин көз карандысыз фактыларды аныктоо жана мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жалпы аталышы. Атайын процедуралардын эксперттери ыктыярдуу негизде иштешет; алар БУУнун кызматкерлери эмес жана аткарган иштери үчүн айлык алышпайт. Алар кандайдыр бир өкмөткө же уюмга көз каранды эмес жанажана өз алдынча кызмат кылышат.

Меню