Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы соңку кырдаалдан улам Тажикстанга кире качкан кыргыздар тууралуу маалымат таратты.
Анда памирлик кыргыздар тууралуу маалымат текшерилип жатканы, аймактагы шарттын катаалдыгынан, байланыштын начардыгынан кандайдыр бир так, кеңири маалымат алууга мүмкүн болбой жатканы айтылат. Ошондой эле ооган кыргыздарын Кыргызстанга алып келүүгө аракет жасалып жатканы белгиленген.
“Кыргызстандын ТИМи ооган кыргыздарына байланыштуу БУУнун тиешелүү бөлүмдөрүнө кайрылды. Ооган кыргыздарын тажик-кыргыз чек арасынан тоскоолдуксуз өткөрүп коюу өтүнүчү менен Тажикстанга нота жөнөтүлдү”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бул маселе президенттин, Министрлер кабинетинин көзөмөлүндө экени жазылган.
Мунун алдында Тажикстандын Чек ара кызматы Ооганстанда жашаган 340тан ашуун этникалык кыргыз талибдерден качып келгенин, жолдо эки ымыркай чарчап калганын билдирген.
Анда гуманизм жана ынак коңшулук принциптерин карманып, ооган кыргыздарын өз аймагына киргизгени, качкындар Мургабдагы Кызыл-Рабат айылындагы Чоштепа жана Дуйтук участогуна жайгаштырылганы кабарланган.
15-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында Бейшеналы Нурдинов Ооганстандан Тажикстанга качып барган кыргыздарга жардам көрсөтүүнү сунуштады.
«Биздин бир боордоштор Ооганстандан качып чыгып, азыр Тажикстанда кор болуп жатышат. Муну президентке айтып, түз бизге өткөрүп алганга аракет кылбайлыбы?! Бул маселени карап чыгып, жардам берүү керек», – деди депутат.
Тажикстандын Чек ара кызматы шаршембиде Бадахшан провинциясынын Андемин кыштагында жашаган 345 ооган кыргызы: 91 эркек, 77 аял жана 177 жашы жете элек бала (64ү эркек, 113ү кыз) Мургаб районуна карашуу Кызыл-Работ айыл аймагына келишкенин кабарлаган.
Маалыматка караганда, ооганстандык кыргыздарды тажик чек арачылары гуманизм принцибинен улам Тажикстандын аймагына киргизишкен.
«Талибан» кыймылы акыркы жумаларда ондогон райондорду басып алды. Бул АКШ жетектеген эл аралык күчтөр Ооганстандан чыгарылып жаткан маалда болуп жатат.
13-14-июлда 345 ооган кыргызы талибдерден коркуп, Тажикстанды аймагына кире качты.
Тажикстан Чек ара кызматы шаршембиде Бадахшан провинциясынын Андемин кыштагында жашаган 91 эркек, 77 аял жана 177 жашы жете элек бала (64ү эркек, 113ү кыз) Мургаб районуна карашуу Кызыл-Работ айыл аймагына келишкенин кабарлады.
Маалыматка караганда, ооганстандык кыргыздарды тажик чек арачылары гуманизм принцибинен улам Тажикстандын аймагына киргизишкен.
Ооганстандык кыргыздар мал жандыктарын айдай келишкен. Качкындар менен кошо 1000дей майда жандык, 300 топоз, үч төө жана отуз жылкы кирген.
Кыргызстандын Кабулдагы элчилигинин маалыматы боюнча Ооганстандын Улуу Памир жана Кичи Памир аймактарында кыргыздардын саны 2 миңдин тегерегинде. Мындан тышкары Ооганстандын Мазари-Шариф, Кабул, Бадахшан, Кундуз, Гилменд шаарларында да кыргыздар бар.
“Талибан” кыймылы АКШ баштаган эл аралык коалициянын күчтөрү май айынан тарта Ооганстандан чыгып кете баштагандан бери чабуулдарын күчөттү. Буга чейин Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан ооган-тажик чек арасын бекемдөөгө жардам сураганы белгилүү болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”