Menu

Ооган Памир кыргыздары

Эки жылдын ичинде Афганистандан 400 кыргыз үй-бүлө Кыргызстанга көчүрүп келинет

Эки жылдын ичинде Афганистандан 400 кыргыз үй-бүлө Кыргызстанга көчүрүп келинет. Бул тууралуу кечээ, 15-июлда  эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев министрликтин жыл башынан берки ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча пресс-конференция учурунда билдирди.
“2022-жылдан 2024-жылга чейин Афганистандын кичи жана Чоң Памир аймагынан биздин өлкөгө 1 миң 500 этникалык Кыргызстандыктарды (400 үй-бүлөнү) ташуу пландалууда”, – деди министр.
Анын айтымында, бул багытта иштөөгө 244 миллион 530 миң сом бюджетке сарпталышы пландалууда. Ал белгилегендей, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров этникалык кыргыздарды көрктөндүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурат.
“Этникалык кыргыздар үчүн үйлөрдү курууга 2022-жылы 77 млн 220 миң сом бөлүнөт. Бул каражатка Ош облусундагы Кашка-Суу айылынын (70 га) аймагында 30 турак үй курулат”, – деди Кудайберген Базарбаев.

Кыргызстандын экспедициясы Кабулдагы КР Элчилигинин жардамы менен Чоң жана Кичи афган Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга кезектеги гуманитардык жардам жеткирди

Афганистандагы этникалык кыргыздарга жардам берүү боюнча жылдык мамлекеттик программанын алкагында 2021-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын экспедициясы Кабулдагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жардамы менен Чоң жана Кичи афган Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга кезектеги гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Өткөрүлгөн негизги продукциянын жалпы көлөмү 95 тоннаны түздү.

Кошумчалай кетсек, гуманитардык акцияны ишке ашыруу учурунда Кыргыз Республикасынын кабыл алуучу өлкөдөгү делегациясы этникалык кыргыздардын Афганистан аймагы аркылуу мындан ары коопсуз жашоосу жана эркин жүрүүсү боюнча макулдашууларга жетишти.

Тажикстанга кире качкан оогандык кыргыздар артка кайтарылды

Ооганстандан Тажикстанга кире качкан 345 этникалык кыргыз мал-жандыгы менен 17-18-июль күндөрү кайра өздөрү туруктуу жашаган Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Андемин айылына кайтарылды. Бул тууралуу Тажикстандын улуттук “Ховар” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, алардын коопсуздугуна ооган өкмөтү кепилдик бергенден кийин көчүрүлдү.

Соңку жумаларда “Талибан” кыймылы Ооганстандагы бир нече аймакты, анын ичинде Тажикстан менен чектешкен райондорду өз карамагына алган. Мындан улам Ооганстандагы жарандар, аскерлер коңшу өлкөлөргө качып кирип жатышат.

13-14-июль күндөрү Тажикстанга кире качкан этникалык кыргыздар Кызыл-Рабат айылындагы Чоштеп жана Дуйтук участогуна жайгаштырылган. “Ховар” агенттиги аларга убактылуу жашай турган жер, тамак-аш, кийим-кече берилип, медициналык кызмат көрсөтүлгөнүн билдирген.

15-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги памирлик кыргыздарды Кыргызстанга алып келүүгө аракет жасалып жатканын жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызстан ооган кыргыздары үчүн "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунан жардам сурайт

Тажикстанга качып өткөн ооган кыргыздарына медициналык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Кыргызстан эл аралык “Чек арасыз дарыгерлер” уюмуна кайрылмакчы.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова 16-июлдагы жыйында Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) тапшырма берди.

Жыйында берилген маалыматтарга караганда, учурда ТИМ Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар комиссариаты жана Тажикстандын бийлиги менен ооган кыргыздарын Кыргызстанга өткөрүү маселесин сүйлөшүп жатат. Жылдыз Бакашова тиешелүү кызматтарга ооганстандык кыргыздарды эвакуациялоо үчүн ыңгайлуу шарттарды, медициналык жана укуктук жардам көрсөтүү жаатында иштерди жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы кабарлады.

“Талибан” кыймылынын чабуулдарынан кооптонгон дагы ондогон оогандык кыргыз 14-июлда Тажикстанга кире качканын коңшу өлкөнүн мамлекеттик “Ховар” маалыма агенттиги билдирген. Анда Ооганстандын Вахан провинциясындагы Андемин аймагынан Тажикстандын Мургаб районуна жер которгон кыргыздардын жалпы саны 347 адамга жеткени айтылат.

Жолдо качкындардын арасынан эки ымыркай чарчап калганы кабарланды. Азырынча расмий Дүйшөмбү памирликтердин андан аркы тагдыры жөнүндө чечимин билдире элек

Меню