Menu

Опузалап акча талап кылуу

Сузакта түн жамынып жөнөкөй адамды уурдап кетишип, 5 күн уруп-сабап акча талап кылган каракчылар кармалышты

Үстүбүздөгү жылдын 16-август күнү Ош облусунун Алай районунун тургуну К. уулу Т. арыз менен кайрылган.  Анда 2023-жылдын 7-августунан 8-августуна караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл
аймагында аны «Өткүр», «Алмаз», «Байэл», «Арзыбек» аттуу балдар бети-башына жана денесинин ар кайсыл жерлерине урушуп, күч колдонуп автоунаага салышып, 3500 сом акчасын тартып алышкан. Андан соң 2023-жылдын 13-август күнү саат 11:00 чамасына чейин аны Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Атабеков айыл аймагында караштуу бейтааныш үйдө мыйзамсыз коркутуп, акча талап кылып, кармап ур-токмокко
алышкандыктарын билдирген.
Аталган маалымат 2023-жылдын 16-август күнү Сузак РИИБдин электрондук журналына катталып, 2023-жылдын 17-август күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Сузак РИИБдин оперкызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыштын бети ачылып, кылмышка тиешеси бар атуулдарды аныктап андан кийин кармоо максатында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада төмөндөгү атуулдар кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди:
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, мурун соттолгон 2002-жылы туулган С.Б., ошол эле райондун тургуну 1999-жылы туулган М.уулу А. жана 2000-жылы туулган А.А..
Азыркы учурда жогорудагы кармалган атуулдардын үстүнөн мурда болгон бети ачыла элек кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары 25.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалышты

Үстүбуздөгү жылдын 31-майында Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.С.С. жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты С.Н.А. 25 000 сом акча каражатын пара катары алып жаткан  жеринен кармалышты.

Такталгандай, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.С.С. жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты С.Н.А., ар кандай текшерүүлөрдү уюштуруп, ээлеген кызматына шайкеш келтирүү маселесин шаардык кеңештин отурумуна алып чыгам деп коркутуу жолу менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинен 25 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Бул аталган факты боюнча КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, айып тагылган. Соттун чечими менен депутаттар УКМКнын тергөө камак жайына 2 айга камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты инвесторду опузалап акча талап кылып, $12.000 алгандыгы үчүн кармалды

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин иликтей баштады.
Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматынын маалыматы боюнча, 30-майда райондук милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын улук ыйгарымдуу оперкызматкери, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына баяндама менен кайрылган. Ал өз билдирүүсүндө, социалдык тармактарда Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты инвестордун ишине тоскоолдук кылып, андан ири өлчөмдө акча талап кылып жатканы тууралуу маалымат жарыяланганын билдирген.
Аталган маалымат, Ысык-Көл райондук ИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында маалыматта көрсөтүлгөн жарандын өздүгүн аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген. Көп өтпөй, милиция кызматкерлери анын өздүгүн аныкташкан. Ал, 44 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну, шаардык Кеңештин депутаты А.У. болуп чыкты.
Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин жүрүшүндө, шаардык Кеңештин депутаты А.У., 2015-жылы Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен, шаардын жээк жагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы жер тилкесин пляждык зонаны уюштуруу үчүн беш жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча келишим түзгөндүгү аныкталган.
Ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин, ал ижара мөөнөтүн узартты боюнча кайрадан Чолпон-Ата шаарынын мэриясына кайрылып. Бирок, Чолпон-Ата шаарынын мэриясы ижара мөөнөтүн узартуудан баш тарткан. Буга байланыштуу шаардык Кеңештин депутаты А.У. пролонгацияга таянып, Ысык-Көл райондук сотуна кайрылган. Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө аталган жер тилкеси камакка алынып, учурда сот процесси уланып жаткандыгы аныкталган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө, 2022-жылы инвестор Чолпон-Ата шаарынын мэриясына беш жылдыздуу мейманкана куруу максатында жер тилкесин ижарага берүү үчүн кайрылгандыгы белгилүү болгон. Мэрия тарабынан, шаардык депутат А.У. менен Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын ортосунда соттук териштирүү жүрүп жаткан жер участогуна жакын жайгашкан жер тилкеси бөлүнүп берилгендиги маалым болгон.
Мейманкананы куруу үчүн инвесторго кошумча жер тилкеси керек болуп, коңшу жер тилкеси боюнча соттук териштирүү жүрүп жатканын билбей туруп, ал А.У. кайрылган. Ал эми, шаардык депутат болсо, инвесторго соттук териштирүү боюнча туура эмес маалымат берип, бул жер тилкеде курулуш иштерин жүргүзгөндүгү боюнча да жалган маалымат берип, инвестордун ишенимине кирүү менен, бул чыгымдардын ордун толтурууну сунуш кылган. Натыйжада, шаардык кеңештин депутаты А.У. инвестордон 12 000 АКШ доллар акча каражатын алдоо жолу менен алганы аныкталган.
Аныкталган жагдайларга байланыштуу кылмыш иши Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматынын өндүрүшүнө алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинен (Опузалап талап кылуу) 209-беренесине (Алдамчылык) кайра квалификацияланган.
5-июнь күнү, Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине (Кармоонун негиздери) ылайык, алдамчылык фактысына шектелген Чолпон-Ата шаарынын 44 жаштагы тургуну, шаардык Кеңештин депутаты А.У. кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу-кармоочу жайына 48 саатка киргизилди.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

УКМК: Өзгөндө жаш кыздар аркылуу карапайым жарандарды зордуктоого же баңгизатты колдонууга азгырып, ири суммадагы акчаларды өндүрүп жүрүшкөн милиционерлер кармалды

КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, Өзгөн РИИБнин жана Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринин ичинен түзүлгөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, КР ИИМнин аталган эки аймактык бөлүмүнүн айрым ыкчам кызматкерлери карапайым жарандардан узак убакыт бою “опузалап талап кылуу” схемасын уюштурушкан, алар башка карапайым жарандарды, негизинен жаш кыздарды, коркутуп-үркүтүү жана шантаж жолу менен аларды кылмыштуу иш-аракеттерине тартышкан. Бул схема зордуктоо же баңгизатты колдонууга азгыруу фактылары боюнча кылмышка тартылган жарандардан жасалма арыз материалдарын алуудан турган. Андан ары текшерүүгө жамынып, кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуп, жабырлануучуларды “акчасын төлөп берүүгө” мажбурлашкан. Бирок иш жүзүндө, текшерүү фактысын жашыруу үчүн жабырлануучуларга карата кайрылуулар процессуалдык каттоодон өткөн эмес.

Өзгөн РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты А.Н.Б. жана Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери милициянын майору Ж.Т.К. жана милициянын капитаны М.С.Ж. 2023-жылдын 30-апрелинде, кармалгандарга карата жасалма ыкчам-иликтөө иш-чаралары, камакка алуу жана суракка алуу түрүндөгү иш-чараларды өткөрүп, маселени оң тарапка чечип берүү үчүн үч жарандан 250 миң сом алышкан.

Мындан сырткары, жасалган кылмыштын далилин жашыруу максатында 2023-жылдын 4-майында мыйзамсыз кармоо жана жасалма ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан учуру жазылып алынган жарандык объектиден көзөмөл камерасынын бекитилген диски мыйзамсыз алынган. 

Ушул жылдын 12-майында КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Ош облусунун Өзгөн районунун жана Өзгөн районунун  Куршаб айылдык милиция бөлүмүнүн имаратында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп,  натыйжасында кылмыштуу аракеттерди тастыктаган маалыматтар алынган.

Көрсөтүлгөн милиция кызматкерлери кармалып, КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №25 тергөө абагына камакка алынды.

ИИМ: Мурунку сүйлөшкөн кызынын жеке мүнөздө түшкөн сүрөттөрүн элге жарыялайм деп коркутуп, ай сайын акча алып турган жигит кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө 21 жаштагы Кыргыз Республикасынын жараны кайрылып, жеке мүнөздөгү материалдарды коомчулукка таратам деп коркутуп, көптөн бери акча каражатын талап кылып жаткан адамга карата чара көрүүнү суранган.
Анын айтымында, мурунку жигити жеке мүнөздө түшкөн сүрөттөрүн коомчулукка жарыялайм деп коркутуп, көптөн бери акча талап кылып жүргөн.
Көрсө, ал кыз 2022-жылдын ноябрынан баштап сүрөттөрү ачыкка чыгып кетишинен коркуп, көп убакыттан бери акча каражатын которууп турган, ал эми опуза талап кылган адам 5 ай бою акча каражатын айлык катары тынымсыз алып келген. Акыры кыз мындай опуза талапка чыдабай, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө кайрылган.
Арыз Россия Федерациясынын ИИМдин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгынын Троицкий жана Новомосковск административдик округу боюнча Ички иштер башкармалыгына (ТжНАО) катталган.
Ушул жылдын 28-апрелде РФ ИИМнин ТжНАОнун башкы башкармалыгы жана РФ ИИМдин КИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш чаранын негизинде, 2001-жылы туулган, Чүй облусунун тургуну Д.Р. аттуу Кыргызстандын жараны кармалып, ал опузалап акча талап кылган мыйзамсыз аракеттери үчүн айыпталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү ушундай жол менен опузалап 66000 рубль акча каражатын алган.
Учурда, РФ Кылмыш-жаза кодексинин 163-беренесинин (опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары улантылууда.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү жарандарды кыраакылыкка жана сергек болууга, алдамчылардын айла-амалдарына алдырбоого чакырып, барган мамлекеттин мыйзамдарын бузбоону катуу сунуштайт.
Жарандардын укуктары бузулган учурда Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнө телефон аркылуу кайрылса болот.

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү опузалап, акча талап кылып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК Базар-Коргон районунун ИИБ кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө опузалап талап кылуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Ж.А.Э.”кармалды.

“Ж.А.Э.” (каймана аты “Малик”) зомбулук колдоном деп коркутуу  жана шантаж кылуу аракети менен жеке ишкерден 80 миң сом, ошондой эле алтын буюмдарын жана уюлдук телефонун опузалап талап кылып тартып алгандыгы аныкталды. Жабырлануучуга келтирилген зыяндын жалпы суммасы 100 миң сомду түзөт.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө “Ж.А.Э.” опузулап талап кылып жаткан жеринен кармалды.

Бул факт Базар-Коргон РИИБ тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.  Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Меню