Кыргыз мушкери Орозалы Максудов Түркиянын Анкара шаарында 6-сентябрдан 9-сентябрга чейин өткөн кунг-фу боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп, дүйнө чемпиондугун жеңип алды. Бул тууралуу Кыргызстандын кунг-фу федерациясы өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ага ылайык, чемпионатка Орозалы Максудов 80 килограмм салмакка чейинки категорияда катышып, «Кунг-фу Фул» дисциплинасы боюнча күч сынашты.
Натыйжада Орозалы Максудов «Кунг-фу Фул» дисциплинасы боюнча 1-орунду ээлеп, дүйнө чемпиону наамын жеңип алды.
Чемпионатты эл аралык кунг-фу федерациясы уюштуруп, ага дүйнөнүн 13 өлкөсүнүн кунг-фучулары катышты.
Орозалы Максудов
0 комментариялар