Menu

Орозбек Мирзаев

Лейлек: Жийделик айылына баратып тажиктер тарабынан кармалган кыргыз жараны бошотулду

26-сентябрда Тажикстандын укук коргоо кызматкерлери кармап кеткен делген Лейлек районунун Жаштык айылынын 26 жаштагы тургуну Орозбек Мирзаев “Кулунду” көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.

Бул маселе Баткен облусунун жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилигинин сүйлөшүүсүнөн кийин чечилген.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, 26-сентябрь күнү түштөн кийин Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну келинчеги менен Тажикстандын этникалык кыргыздар жашаган Жийделик айылына бараткан учурда автобустан Тажикстандын күч кызматтары кармап кетишкен.

Бул окуя боюнча тажик тарап расмий билдирүү бере элек.

23-сентябрда Лейлек районунун Жаштык айылынын 16 жаштагы эки тургунун жана Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын Тажикстан тараптан келген белгисиз кишилер алып кеткен. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин тургундар бошотулган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр-чатактар байма-бай катталып турат. Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жараат алган, жүздөгөн имараттар кыйраган. Тажик тараптан 19 киши каза болуп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Меню