Menu

Орусиялык “Вагнер” жеке компаниясы

УКМК: "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын курамында Россия-Украин согушуна катышкан Нарындын тургуну кармалды

Жүргүзүлгөн контрчалгындоо иш-чараларынын алкагында КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан Б.у.Б. аттуу КР жараны аныкталды.

Такталгандай, аталган что Б.у.Б. аттуу жаран 2022-жылдын 22-февралында Россия Федерациясына иштөө үчүн барып, ал Россия Федерациясынын түзөтүү мекемелеринин биринде жаза өтөө менен кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган. Атайын аскердик операциянын фонунда, Украинанын аймагында Россия Федерациясынын куралдуу күчтөрү тарабынан ишке ашырылган, Б.у.Б. “Вагнер” жеке аскердик компания (ЖАК) өкүлдөрү тарабынан кабыл алынган жана келишимдик негизде Украинанын аймагында согуштук тапшырмаларды аткарып жаткан аскер топторунун катарына кошулган.

 2023-жылдын 1-августунда Б.у.Б. кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу, же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүдө” мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

 

Краснодардагы "вагнерчилердин" көрүстөнүндө борбор азиялыктардын жайлары табылды

Бир нече күн мурун өзбекстандык мигрант “Вагнер” көрүстөнүнө коюлган мусулман аскерлеринин белгилерин видеого тартып алып, соцтармактарга жайгаштырган.

Автор видео кайсы жерде тартылганын так айтпаса да, “Озодлик” көрүстөндөрдүн геолокациясына таянып, ал Краснодар крайындагы Горячий Ключ шаарындагы мүрзө экенин аныктады.

“Вагнер” жоочулары көмүлгөн жайларда өзбек, тажик жана кыргыз ысымдары кездешет.

“Эгерде кимдир бирөө бул жерде көмүлгөн мусулман согушкерлеринин үй-бүлөлөрү менен тааныш болсо, аларга бул мүрзө жөнүндө кабарлап коюңуз. Анткени бул көрүстөн тууралуу көбү билишпейт”, — деген видеонун автору.

Буга чейин “Озодлик” Орусиянын башка аймактарындагы “вагнерчилер” көмүлгөн жайларда өзбек мигранттарынын да мүрзөлөрү бар экенин, буга чейин бир нече жалданма жоокерлердин сөөгү туугандарына өткөрүлүп, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстанга коюлганын маалымдаган.

Соңку видеодогу кадрларга таянуу менен “Озодлик” Горячий Ключ шаарындагы “вагнерчилердин” көрүстөнүнө көмүлгөн борбор азиялык жалданма жоокерлеринин тизмесин түздү:

  • Мусалиев Элбек Рамзанович, 26.11.1976 – 05.05.2023
  • Санчар Махмадзода, 27.11.1997 –​ 20.04.2023
  • Сабыров Сабр Сабырович, 19.07.1990 –​ 08.05.2023
  • Талипов Даньяр Анварович, 31.10.1991 –​ 20.04.2023
  • Хидоятов Сайидакбархон Хамидуллохон угли, 31.05.1993 –​ 27.03.2023
  • Поянов Эшпулат Хуррамович, 22.06.1993 –​ 08.03.2023
  • Абдурахманов Джумахон Валиевич, 05.09.1975 –​ 05.04.2023
  • Жумабеков Кадыргали Кангалиевич, 14.03.1982 –​ 17.03.2023
  • Жусупов Тимур Задгереевич, 07.04.1992 –​ 07.04.2023
  • Назиров Азиз Собир угли, 13.10.1992 –​ 07.01.2023
  • Адашев Дилмурод Акрамжон угли, 31.01.1995 –​ 23.03.2023
  • Мирзакулов Дилшодбек Махаммадалиевич, 10.02.1984 –​ 10.01.2023
  • Давлетов Самат Аманжолович, 11.08.1974 –​ 27.02.2023
  • Масоев Ахлиддин Абдулфайзович, 13.08.1989 –​ 07.01.2023
  • Бегатанов Исломжон Икрамжонович, 17.03.1988 –​ 18.01.2023
  • Сулейманов Абдугаффар Абдусатторович, 09.09.1986 –​ 12.12.2022
  • Мухторов Отабек Одилжон угли, 18.09.1996 –​ 06.12.2022
  • Тиллабоев Кароматулло Рахматович, 27.03.1992 –​ 13.02.2023
  • Умаров Бобурбек Джурабой угли, 03.12.1992 –​ 25.11.2022
  • Наркулов Захиджан Хурваевич, 09.12.1971 –​ 22.02.2023
  • Силапов Саиднияз Оразмурадович, 05.02.1985 –​ 17.03.2023

Быйыл март айында The New York Times гезитинин журналисти Кристиан Триберт Горячий Ключтагы “Вагнер” көрүстөнүндө мололор кескин көбөйгөнүн жазган.

КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Россиядагы "Вагнер" жоочуларынын аскердик козголоңу тууралу пикирин билдирди

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргызстан Орусиянын бийлиги менен өлкөдөгү соңку окуялар боюнча сүйлөшө электигин билдирди.

Ал 26-июнда журналисттердин менчик аскердик компаниялардын тобокелдиктери тууралуу суроолоруна жооп берип жатып мындай деди:

“Жеке менчик аскердик компаниялар түзүлсө да алар мыйзам менен көзөмөлдөнүшү керек. Мисалы, АКШда, Кытайда да ушундай компаниялар бар. Алар кайтаруу жана башка иштер менен алек болот. Менин билишимче Орусияда алардын ишин жөнгө сала турган мыйзам да жок болушу керек. Жеке менчик аскердик ишканага бардык күчтү берип койгон болбойт. Анын жетекчисинин Евгений Пригожиндикиндей саясий амбициясы болсо, аны ким токтото алат? Алардын танктары, учактары, абадан коргонуу системалары бар. Бир чоң армиянын курал-жарагы бар. Макул, ал бүгүн мамлекетке иштесин, эртең бийликти алам десе кандай болот? Ошондуктан алар кандай учурда иштейт жана кайсы убакта ишин токтотот, мыйзам менен аныкталышы керек. Ал эми бизге окшогон чакан мамлекеттерге андай компаниялардын кереги жок”.

Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары Мамлекеттик Думанын коргоо комитетинин төрагасы Андрей Картаполов депутаттар жеке аскердик уюмдардын ишин тескеген мыйзам долбоорун жаза баштаганын айтканын кабарлашты.

Орус президенти Владимир Путиндин узактан берки жакын санаалаштарынын бири деп саналып келген “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин күчтөрүнүн армия жетекчилерине каршы Москвага багытталган жүрүшү 24-июнда кечке маал токтогон.

Журналисттер кыргызстандыктарды Украинадагы согушка тарткан компанияларды таап чыкты

Журналист Али Токтакунов жетектеген “МедиаХаб” коомдук фондунун кабарчылары Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын Украинадагы согушка тартып жаткан орусиялык компанияларды аныктап чыкты. Бул тууралуу иликтөө Али Токтакуновдун Youtube каналында жарыяланды.

Программада айтылгандай, Инстаграмдагы кыргыз сегментинде жеке күзөт ишканасына жумушчулар керек деген таризде жарыялар пайда болгон. Анда иш издегендерге жакшы айлык акы убадаланып, алар Орусиянын аймактарында иштей турганы белгиленген. Кабарчылар жумуш издеген киши катары байланышкан учурда алар бул орундарга кабыл алуу токтоп калганын айтып, аскердик кызматтарды сунушташкан.

Кат аркылуу баарлашууда уюм Орусиянын Коргоо министрлигинин кызыкчылыгы үчүн иштей турганын билдиришкен. Жарыянын ээлери кайрылгандарды Краснодар аймагынын Молькино айылына барууга чакырат. Андан ары иш издегендер Украинага аскерий операцияларга катышуу үчүн жөнөтүлөт. Аскерий даярдык талап кылынбай турганы, жада калса соттолгон адамдарды да ала беришери көрсөтүлөт.

Маалым болгондой, Молькинонун жанында Орусиянын аскерий базасы жана аскерлерди согушка жалдап иштеген орусиялык “Вагнер” жеке компаниясынын имараты жайгашкан. Ал өз кезегинде «пионерлердин лагери» деп аталчу. Бул тууралуу эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттары буга чейин жазып чыгышкан.

Украин жергесине кол салгандан кийин көпчүлүк эксперттер орус президенти Владимир Путин койгон милдеттерди армия кошумча мобилизациясыз аткара албай турганын белгилешкен. “Вагнер” же, “ЧВК Вагнер” сыяктуу жеке менчик аскердик компаниялар “жашыруун мобилизациянын” варианттарына айланып калган. Ыктыярчылар дагы, жалданмачылар дагы аскерлер сыяктуу Орусиянын Коргоо министрлиги менен иштеп жатышат.

 

Меню