Menu

Орусия ИИМи

Орусия ИИМи өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-сентябрдан кийин депортацияланарын эскертти

Орусиянын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Валентина Казакова 30-сентябрдан кийин полиция өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга карата чараларды көрө баштай турганын эскертти.

Быйыл 15-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга байланыштуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген убакыт 30-сентябрга чейин узартылган.

Орусиянын Мигранттар федерациясынын башчысы Вадим Коженов “Коммерсант” басылмасына берген маегинде акыркы күндөрү миграциялык борборлордо кезекте тургандар көп болуп жатканын белгиледи.

“Жарандык көмөктөшүү” комитетинин жетекчиси Светлана Ганнушкина аларга Орусиянын аймагында жүргөнүн мыйзамдаштырып, талап кылынган бардык жол-жоболорду (миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, каттоо) аткара албаган мигранттардан жүздөгөн кайрылуулар түшүп жатканын билдирди. Алардын арасында талибдер бийликке келген маалда Орусияда жүргөн ооган жарандары көп.

“Коммерсант” басылмасы Адам укуктары боюнча кеңештин башчысы Валерий Фадеевге жана өзүнүн бир нече булактарына шилтеме кылып, мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген убакыт дагы узартылышы мүмкүн экенин жазды.

Орусия ИИМинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө Өзбекстандын 332 миңден ашык, Тажикстандын 247 миң, Украинанын 152 миң, Азербайжандын 120 миң, Кыргызстандын 115 миң, Армениянын 61 миң, Молдованын 56 миң жана Казакстандын 49 миң жараны мыйзамсыз жүрөт.

Меню