Menu

Орхан Инанды

Орхан Инанды Түркиянын жарандыгынан баш тартууга арыз бергени маалымдалды

16-сентябрда Түркиянын башкалаасы Анкарада Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инандынын соту башталды. Бул тууралуу мамлекеттик “Анадолу” маалымат агенттиги билдирди.

Инандынын ишин Анкара шаарынын Жогорку соту карап жатат. Айыпталуучу видеоконференция аркылуу өзү жаткан түрмөдөн катышканы жазылат.

Колу үч жерден сынгандыктан сотко толук даярдана албаганын билдирген Инанды, ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр чечилгенге чейин кошумча убакыт сураган.

Ошондой эле, сотто ал Кыргызстандын жараны экенин жана Түркиянын жарандыгынан баш тартууга арыз бергенин айтып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга эч кандай негиз жок экенин билдирген. Сот Инандыны камакта калтыруу боюнча чечим чыгарып, анын коргонууга даярдануу үчүн убакыт сураганын эске алуу менен отурумду 23-ноябрга жылдырды.

“Сапат” билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып келгенин айткан.

Инандынын Түркиядагы адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз ага козголгон кылмыш иши менен таанышуу жүрүп жатканын, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылганын маалымдаган.

Орхан Инанды аны Бишкектен үч киши кантип уурдаганын адвокатына айтып берген

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны Бишкектен үч киши уурдап, Түркияга жеткирген. Бул тууралуу ал Түркиядагы адвокаты Халил Ибрагим Йылмазга билдирген.

Адвокат журналисттерге курган маегинде Инанды Бишкекте кандайча кармалып, Түркияга жеткирилгени жөнүндө айтып берди.

“Ким уурдаганын билбейт. Бирок кыргызстандык адамдар уурдаганын айтып жатат. Ал кыргыз милициясы, коопсуздук кызматы же башка топ болушу мүмкүн. Ким кылганын билбейт. Жалгыз гана Кыргызстандагы аны уурдоо боюнча операцияны кыргыз улутундагы үч киши кылганын айтып жатат. Бирок алар ким экенин билбейт. Кармап көздөрүн таңышыптыр. Андан кийин эртеси күнү эле Түркияга алып келишиптир. Көздөрү таңылуу абалда автоунаа менен беш-алты саат жол жүрүп, андан кийин учакка салышты деп айтып жатат. Ал кайсы жактан учакка салышканын билбейт”, – деди ал.

Адвокаттын айтымында, Инанды тагылган айыпты моюнуна алган эмес, бирок тергөөнүн бардык суроолоруна жооп берип жатат. Буга чейин бир катар түрк маалымат каражаттары Инанды күнөөнү мойнуна алганын жазып чыгышкан.

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти, теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголуп, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан. Аны Түркиянын атайын кызматы өлкөгө алып келгенин президент Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылуусунда жарыялаган.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияга нота жиберип, кыргыз жаранын уурдап кетүү эл аралык нормаларга туура келбесин билдирген.

Эрдогандын бийлиги Орхан Инандыны “Гүлен” кыймылынын салмактуу мүчөсү катары мүнөздөп жатат. Инанды жоголгондон бери анын жүздөгөн тарапкери Кыргызстанда нааразылык акциясына чыгып, аны миңдеген окуучуларга билим берген мугалим деп сыпатташкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркияда Орхан Инандыга айып тагылганы кабарланды

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны Анкара шаардык прокуратурасы “куралдуу террордук уюмду башкарган” деген айып менен камакка алганы кабарланды. Бул тууралуу мамлекеттик “Анадолу” кабар агенттиги 12-июлда маалымат таратты.

Анда айыпкер “Гүлен” кыймылынын мүчөлөрүн Кыргызстандын паспорттору менен камсыз кылып, уюмдун акчасын башкарып жүргөнү айтылган.

“Sabah” басылмасы Орхан Инанды Анкарадагы суракта өзүнө тагылган айыптарды мойнуна албай, “Гүлен” кыймылын террордук уюм катары тааныбай турганын билдиргенин жазды.

Буга чейин Инанды Анкарадагы Терроризмге каршы бөлүмдө кармалып турганын анын адвокаты жана күйөө баласы Халил Ибрахим Йылмаз журналисттерге курган маегинде билдирген. Адвокаттын айтымында, учурда Инанды менен жолугууга мүмкүн боло элек.

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти, теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголуп, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан. Аны Түркиянын атайын кызматы өлкөгө алып келгенин президент Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылуусунда жарыялаган.

Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракетине АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” кыймылын күнөөлөп, аны “Фетхуллахчы террордук уюм” деп жарыялаган. Гүлен жана анын тарапкерлери Түркиядагы төңкөрүш аракетине тиешеси жоктугун билдирип келет. Батыш өлкөлөрү түрк бийлигинин бул кыймылдын он миңдеген мүчөлөрүн камакка алганын же жумуштан айдаганын сынга алып жүрөт.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын бийлиги Орхан Инандыны “Гүлен” кыймылынын салмактуу мүчөсү катары мүнөздөп жатат. Инанды жоголгондон бери анын жүздөгөн тарапкерлери Кыргызстанда нааразылык акциясына чыгышкан жана аны миңдеген окуучуларга билим берген мугалим деп сыпатташкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ИИМ: Кыргыз Республикасынын жарандык паспортторун алган чет элдик жарандардын бардыгы мыйзам чегинде текшерүүгө алынат

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жаран Орхан Инанды Түркиянын жараны болуп туруп, 2012-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын ID паспортун жана 2012-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алгандыгы аныкталган. Учурда ага берилген паспорттордун мыйзамдуулугу да иликтенүүдө.

Андан сырткары аталган кылмыш ишинин алкагында учурда жалпы Кыргыз Республикасынын жарандык паспортторун алган чет элдик жарандардын бардыгы ички иштер министрлиги тарабынан дыкат иликтенип текшерүүгө алынат. Алардын паспортторунун канчалык мыйзамдуу экендигин, бир эле учурда эки мамлекеттин паспортторун алган фактылар жана Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорттору эмне себептен мыйзамсыз берилип кеткендиги, жана кимдер бергендиги сыяктуу бардык фактылар текшерилип, аларга юридикалык баа берилет.
Мыйзамсыз берилген паспорттор, паспорт берүүдөгү ээнбаштыктар, коррупциялык фактылар, анын ичинде мурда соттолгон, издөөдө жүргөн адамдар, башка өлкөнүн жарандары, керек болсо кылмыштуу чөйрөнүн адамдары да кыргыз паспортун алып жүрүшкөндүгүн биз өз убагында ачыктаганбыз.
Ошондой эле жалаң гана паспорт эмес эки өлкөнүн кош жарандыгын алгандар да текшерүүгө алынып, алар мыйзамдуу алганбы же мыйзамсыз алганбы, аларга кимдер жардам бергендигин тактоо жана аныктоо иш-чаралары башталды.
Ички иштер министрлиги паспорт системасында тартип орнотуу максатын көздөйт жана иликтөө учурунда мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукту кабардар кылып турабыз.

Бишкек ШИИББдин тергөө кызматы жаран Орхан Инандыны уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатат

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жаран Орхан Инанды  Түркиянын жараны болуп туруп, 2012-жылдын 28-июнунда Кыгыз Республикасынын ID паспортун жана 2012-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алгандыгы аныкталган. Бул тууралу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирет.

Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунан сырткары, 2024-жылдын 23-сентябрына чейин Түркия Республикасынын паспортун пайдаланып Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан 27 жолу өтүп, 2014-жылдан 2018-жылга чейин Азербайжан, Казакстан, БАЭ, Россия, Түркия жана Индияга учуп келген.

2018-жылдан бери Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын паспортун 9 жолу пайдаланып, Россия, Казакстан жана Индияга самолет менен учуп барып келип турган.

Жогорудагылардын негизинде Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жана  Түркиянын жаранынын паспортторун колдонуп жүргөн. Бирок, Орхан Инанды Түркияда туулуп өскөн жана Түркиянын жарандыгынан баш тарткан эмес, демек ал Түркиянын жараны болуп эсептелет.

Андан сырткары, 2019-жылдан баштап тиешелүү кызматтар тарабынан Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын паспортун алгандыгынын мыйзамдуулугу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө жүрүүдө.

Эрбол Султанбаев Орхан Инандынын уурдалышына бийликтин катыштыгы бар деген божомол дооматты четке какты

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Орхан Инандынын уурдалышына бийликтин катыштыгы бар деген божомол сөздөр таптакыр акылга сыйбаган нерсе” деп билдирди.

Ал Инандынын жоголгону белгилүү болгондон тартып Садыр Жапаров укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмаларды бергенин белгиледи.

“Буга чейин Орхан Инандыны үч жолу уурдап кетүү аракети көрүлгөнү, акыркы жолу мындай аракетти атайын кызматтын кызматкерлери токтотуп калганы белгилүү болду. Алар ага сакчылардын коштоосунда жана этият болуп жүрүүсүн эскерткен. Анын уурдалышы тууралуу маселе түрк тарапка коюлуп, кечээ Тышкы иштер министрлигинде Түркиянын элчисине нааразычылык нотасы тапшырылды. Учурда түрк тараптан расмий жооп келе элек, бирок алар Орхан Инандынын Түркия жарандыгынан чыкпаганын, түрк жараны экендигин оозеки түрдө билдиришти”, – деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында Инандынын жоголушу, андан кийин өлкөдөн тымызын алынып кеткенине байланыштуу күч органдарынын маалыматын уккан.

Теги түркиялык кыргыз жараны Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган.

ИИМ: Орхан Инандыны издөө боюнча зарыл болгон бардык ыкчам тергөө иш-чараларынын хронологиясы

2021-жылдын 1-июнунда таңкы саат 4:20да Октябрь РИИБне 12- микрорайонунда жайгашкан көп кабаттуу турак жайдын астынан эшиктери ачык “Lexus GX470” үлгүсүндөгү автоунаа табылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Октябрь РИИБнин ыкчам-иликтөө тобу барып иликтөө жүргүзгөн учурда автоунаа “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга таандык экендиги аныкталып, анын уулу Ю.К. атасын таап берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Арыз ээсинин маалыматы боюнча Орхан Инанды жогорудагы автоунаа менен жүргөндүгүн жана акыркы жолу 31-май күнү болжол менен кечки саат 18:00дөр чамасында байланышка чыккандыгын маалымдаган.
Жогорудагы факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренеси боюнча (Адам уурдоо) кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында ИИМден, Бишкек ШИИББден, Чүй ОИИББнын жана Октябрь РИИБден тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлер менен тергөөчүлөрдөн турган ыкчам-иликтөө тобу түзүлүп, бөлүнгөн аймактар боюнча Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө иш-аракеттери менен издөө иш-чараларын жүргүзүшүп келишкен. УКМКнын Чек ара кызматына кайрылуу кат жөнөтүлүп, алардан Орхан Инанды чек арадан өтпөгөндүгү такталган.
Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун тапшырмасы боюнча жоголгон жаранды издөө иштери жалпы республика боюнча жүргүзүлүп келген. Активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айыл чарба жерлеринде, таштанды төгүлүүчү жайларда жүргүзүлүп, ага ички иштер органдарынын 1000 ашык кызматкерлери тартылган. Курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, унаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары текшерүүгө алынган.
Бишкек ШИИББнин тергөө кызматынын, алгачкы текшерүү органынын жана криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери дайынсыз жоголгон кыргызстандыктын жүргөн жерин аныктоо боюнча жүргүзгөн ыкчам иштердин натыйжасында башка оор кылмыштардын жана жоруктардын дагы бетин ачышкан.
Ошондой эле, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан издөө ишине байланыштуу алдын алуу иш-чарасы уюштурулуп, өткөрүлгөн. Анын негизинде борбордук милиция кызматкерлери тарабынан 10434 объект, 3251 жеке менчик жана 6336 көп кабаттуу турак жай, 175 мейманкана, 91 курулуп жаткан объект, 377 көңүл ачуучу жай, 30 базар, 51 соода түйүнү, 31 сейилдөөчү жайлар, ошондой эле 88 унаа токтотуучу жайлар текшерүүгө алынган.
Дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны издөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө милиция кандайдыр-бир маалыматтарга ээ болушу мүмкүн болгон жарандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, учурда териштирүү жана тактоо иштерин улантып жатат. ИИМдин кызматкерлери тарабынан Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча кеңири иштерди жүргүзүлдү. Кыргызстандык жаран Орхан Инандыны издөө жана тактоо боюнча сотко чейинки өндүрүш толугу менен ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө болгон.
Учурда, Орхан Инандын кайда экендиги аныкталгандыктан, ИИМ анын дайынсыз жоголушуна багытталган жагдайлар боюнча мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

"Анадолу": Орхан Инанды ФЕТО уюмунун 25 мүчөсүнө Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алып берген

6-июлда Түркиянын мамлекеттик “Анадолу” маалымат агенттиги Орхан Инандыга “Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени” үчүн айып тагылганын жазды. Ошондой эле 2001-жылдан бери ФЕТО уюмунун Кыргызстандагы жооптуу кишиси болгону аныкталганын билдирди.

Маалыматта Инанды ByLock телефон тиркемесин пайдаланганы, Түркиядан Кыргызстанга качкан уюмдун мүчөлөрүнө башпаанек сураганы айтылат. Андан сырткары уюмдун жогорку даражалуу 25 мүчөсүнө Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алып бергени аныкталды деп жазылган.

Кыргызстандын паспортун алгандардын арасында Түркияда “террордук уюм түзүү” беренеси менен издөөдө жүргөн Мустафа Өзжан менен Али Челиктин да ысымдары аталган.

Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болуп жаткан. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

Ал 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Ошол эле учурда Түркиянын жарандыгынан да баш тарткан эмес. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал кантип жарандык алганы иликтенип жатканын кабарлады.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын өлкөдөгү элчисине нота тапшырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эрдоган Орхан Инанды Түркияга алынып келгенин билдирди

“Сапат” билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга алынып келгенин түрк президенти Pежеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылып жатып билдирди.

“Атайын кызматыбыздын өкүлдөрү Борбор Азиянын ФЕТО боюнча жооптуусу Орхан Инандыны өлкөбүзгө алып келип, сот тармагына өткөрүп берди. Кийин бул киши ФЕТО кыймылынын жогорку башкаруучуларынын катарына кирип, ФЕТОнун кир акчаларын Борбор Азияга жумшаган. Башка террордук уюмдар менен күрөшкөндөй эле ФЕТО менен да күрөштү улантабыз”, – деди Эрдоган.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

Орхан Инандынын жоголушуна байланыштуу милиция Жазык кодексинин 170-беренеси (“Адам уурдоо”) менен кылмыш ишин козгогон, Интерполго да кабар берилгени айтылган. Президент Садыр Жапаров тийиштүү мекемелерге аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Расмий маалыматтар боюнча, Инанды Кыргызстандын чек арасы аркылуу чет өлкөгө чыккан эмес. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн издөөгө жардам сурап Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине кат жазганын, бирок аны кабыл албай коюшканын адвокаты 15-июнда билдирген.

Рейхан Инанды 5-июлда парламент имаратынын алдына жалгыз митингге чыккан болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жогорку Кеңеште Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча мамлекеттик органдардын маалыматы угулду

Кечээ, 16-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын жараны, “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча мамлекеттик органдардын маалыматы угулду. Бул тууралу  парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Орхан Инандынын уулу Юсуф Косе атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин айтып, арыз менен кайрылганын белгилеп: “Натыйжада эл аралык жана ички издөө иштери жарыяланып, тиешелүү ыкчам иш-аракеттер көрүлүүдө”, – деди.

Талкуу маалында депутат Бурул Аманова Интерполго берилген маалыматтан кандай жооптор келип жатканына кызыкты.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бүгүнкү күндө Түркия, Казакстан, Грузиядан, Чехия, Румыния, Афганистан мамлекеттеринен 1-июндан бери аймактарынан өтпөгөндүгү тууралуу жооптор келгенин билдирди.

Ал эми депутат Айсулуу Мамашова “Өз жараныбызды коргой албай дүйнөгө уят болуп жатабыз” – деп сынга алды.

Ушундай эле пикирге токтолгон Саматбек Ибраев Президенттин көзөмөлүндө турган иштин эки жумадан бери бети ачылбай жатканы суроо жаратаарын кошумчалады.

Өз кезегинде Нурбек Абдиев бардык издөө жумуштары жүргүзүлүп жатканын айтып: “Бул кылмыш алдын-ала катуу даярдыктын негизинде жасалган. Андыктан, бардык маалыматтар жана варианттар каралууда”, – деди.

Ошондой эле депутат Абдывахап Нурбаев Билим берүү жана илим министрлиги окуя боюнча кандай чара көрүп жатканын сурады.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева Ички иштер министрлиги менен тыгыз байланышта иштеп жатышканын белгилеп: “Азыркы учурда “Сапаттын” 20 мектеби бар. Алар мурдагыдай эле туруктуу билим берүүдө”, – деп кошумчалады.

Меню