Menu

«Ош» аэропорту

Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропорттор курулат

Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропорттор курулат. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Долбоорго ылайык, бул бардык эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берген жаңы тилкелерде курулган толук кандуу аэропорттор болот.

Маалыматка караганда, азыркы аэропорттордун ордуна заманбап көп кабаттуу турак жайлар курулат. Андагы батирлер жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шартта ипотекага берилет.

Учурдагы “Ош” эл аралык аэропортунун аймагынын жалпы аянты 168 гектарды, “Жалал-Абад” аэропортунуку 78,2 гектарды түзөт.

“Ош” эл аралык аба майданы – Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган жана анда 900дөн ашык киши иштейт. Аэропорт жумасына 160ка жакын каттамды уюштурат. Азыркы аэропорт Ош шаарынан тогуз чакырым алыстыкта жайгашкан.

“Жалал-Абад” аэропорту ички каттамдарды гана ишке ашырат. 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери жүргөн.

Ошто өзбекстандык кардарлардын дооматы боюнча 105 таксист милицияга суракка чакырылды

“Ош” аэропорту аркылуу каттаган жүргүнчүлөрдү ташып иштеген такси айдоочуларына коюлган дооматтарга байланыштуу 105 таксист милицияга суракка чакырылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, учурда 25 такси кызматкери тергөөгө барып сурак берди. Калгандары да кезек менен көрсөтмө берүүдө.

Териштирүүнүн жүрүшүндө окуя болгон жайда жайгашкан видеө көзөмөл камерасынан тасма алынып, Өзбекстандын жараны 21-июлда саат 22:45 чамасында “Ош” эл аралык аэропортунда өзүнүн шериктери менен болгондугу аныкталганы, ага жол акысы 500 сомдон болот деп айткан таксист аныкталып, сурак бергени маалымдалды.

Буга чейин Өзбекстандын айрым жарандары Оштогу такси айдоочуларынын айынан кыргыз бийлигине кайрылып, аларды өкүмзордукка айыпташкан.

Телеграм каналдарга 2-августта жарыяланган кайрылууда Орусиядан “Ош” эл аралык аэрпортуна учуп, андан ары Өзбекстанга кетчү жарандарды такси айдоочулары зордоп машинесине салып, чек арага чейинки беш-алты чакырым жерге ар бир кишиден 500 сомдон алып жатканы айтылган.

Өзбекстандыктар Оштогу такси айдоочуларынын айынан кыргыз бийлигине кайрылышты

Өзбекстандын айрым жарандары Оштогу такси айдоочуларынын айынан кыргыз бийлигине кайрылып, алардын өкүмзордугуна даттанышты.

Телеграм каналдарга 2-августта жарыяланган кайрылууда Орусиядан Ош эл аралык аэрпортуна учуп, андан ары Өзбекстанга кетүүнү көздөгөн жарандарды аэропорттогу такси айдоочулары зордоп унаасына салып, чек арага чейинки 5-6 км жерге ар бир кишиден 500 сомдон алып жатканы айтылат.

Буга чейин да ЖМКларга өзбекстандык жарандар кайрылып, кээ бирлери 5000 сомдой акчасын таксиге төлөгөнгө мажбур болушканын билдиришкен. Бул маселе “Твиттер” жана башка социалдык түйүндөрдө талкууланууда.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев таксилер менен байланышкан бул маселе үч жылдан көйгөй жаратып келатканын журналисттерге билдирди. Анын айтымында, быйыл январдан бери социалдык тармактар аркылуу 15 кайрылуу болгон.

“Интернеттен кайрылган чет өлкөлүк жарандар такси айдоочуларынын жоругун юридикалык жактан тастыктай турган фактыларды беришпейт. Мыйзам боюнча юридикалык жактан далилденбегендиктен, куру сөз катары кабыл алынат. Ошондуктан, түшүндүрүү иштери менен гана чектелип калабыз”, – деген Аширбаев андай көйгөйгө кабылгандар дароо илиция чакырышы керектигин белгиледи.

Өзбекстандыктардын айтымында, Орусияга Ош аркылуу учакта кетүү же келүү салыштырмалуу арзан болгондуктан, көбүнчө ушул жол менен катташат.

Былтыр чек арадан ары-бери каттоодо кыргыз аскерлерине акча төлөөгө мажбур болуп жатканын айткан өзбекстандыктар кыргыз бийлигине кайрылышкан. Кыргызстандын Чек ара кызматы андай фактылар аныкталбаганын билдирген.

Акылбек Жапаров: “Манас” жана “Ош” аэропорттору боюнча келишим Кыргызстаныбыздын кызыкчылыгын толук камтыбагандыгына байланыштуу андан баш тарттык

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 8-июлда, “Манас” жана “Ош” эл аралык  аэропортторунун айланасындагы кырдаалга комментарий берди.

“Манас” жана “Ош” аэропорттору боюнча келишим Кыргызстаныбыздын кызыкчылыгын толук камтыбагандыгына байланыштуу андан баш тарттык.

Албетте, ар бир инвестор максималдуу түрдө пайда көрүп кетүүнү каалайт. Бирок, биз дагы максималдуу түрдө элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшүбүз керек.

Мамлекеттин кызыкчылыгына, коопсуздугуна толук жооп берсе, эки жылда дүйнөлүк стандартка ылайык курулушту бүтүрүп, эки аэропортту тең ишке киргизе турган кайсыл гана инвестор болбосун кызматташууга даярбыз.

Же болбосо бул долбоорду өзүбүз ишке ашырабыз, бирок бул көбүрөөк убакытты талап кылат”,- деп белгиледи Минкаб башчысы.

«МЭА» ААК: «Ош» аэропортунда Шаржадан келген биринчи каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды

Бүгүн, 21-февралда «Ош» эл аралык аэропортунда «Шарджа-Ош-Шарджа» багыты боюнча биринчи каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Учакты салтка айланган боюнча суу аркасы менен тосуп алышты.
Ош шаарынан Шарджага биринчи каттам менен 164 жүргүнчү учуп кетсе, 10 адам учуп келген.
Иш-чарага «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, Инфраструктуралык жана аймактык өнүктүрүү боюнча Башкы директордун орун басары Абдималик Бусурманкулов, «Ош» эл аралык аэропортунун директору Арипжан Токуров, Air Arabia авиакомпаниясынын аймактык менеджери Алла Берест жана башкалар катышты.
«Бүгүн маанилүү күндөрдүн бири. «Шарджа-Ош-Шарджа» багыты боюнча биринчи жолу каттам ачып жатабыз. Түз авиакаттамдардын ачылышы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну кеңейтип, мамлекеттин жана жалпы авиация тармагынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт”, – деп билдирди «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө «Ош» эл аралык аэропортунан Россия Федерациясынын бир канча шаарларына түз үзгүлтүксүз авиакаттамдар бар. Ошондой эле, акыркы эки жылда Турция жана Кувейтке да аба каттамдары ачылган.
Өз кезегинде Air Arabia авиакомпаниясынын аймактык менеджери Алла Берест «МЭА» ААК менен авиакомпаниянын ортосундагы кызматташтык үч жылдан бери уланып келе жаткандыгын белгиледи.
«Биз Ош шаарына авиакаттамды ачууну көптөн бери пландап жүргөнбүз, тилекке каршы, пандемияга байланыштуу убактылуу токтотууга туура келген. Бирок бүгүн планыбызды ишке ашырганыбызга абдан кубанып турабыз», – деди ал.
Каттамдар Air Arabia (БАЭ) авиакомпаниясы тарабынан 2022-жылдын 21-февралынан 3-мартына чейин дүйшөмбү жана ишемби күндөрү аткарылат. Ал эми 3-марттан тарта каттамдардын саны жумасына 3 жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү аткарылмакчы.
Болжолдуу учуу убактысы 3, 5 – 4 саатты түзөт.
Меню