Menu

Ош-Джидда-Ош

«Ош-Джидда-Ош» багыты боюнча жаңы каттам ачылды

 «Ош» эл аралык аэропортунан 2022-жылдын 6-мартынын түнүндө Оштон Джидда шаарына  биринчи чартердик каттам аткарылды. Оштон 138 жүргүнчү учуп кетти.
Каттам  «Эйр Манас» авиакомпаниясы тарабынан аткарылды.
«Эйр Манас» ата мекендик авиакомпаниясы Сауд Аравия Королдугунда, Кыргызстандын алгачкы оператору болуп,  «Ош-Джидда-Ош» багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (жекшемби) аткармакчы.
Меню