Menu

Ош-Шаржа

«МЭА» ААК: «Ош» аэропортунда Шаржадан келген биринчи каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды

Бүгүн, 21-февралда «Ош» эл аралык аэропортунда «Шарджа-Ош-Шарджа» багыты боюнча биринчи каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Учакты салтка айланган боюнча суу аркасы менен тосуп алышты.
Ош шаарынан Шарджага биринчи каттам менен 164 жүргүнчү учуп кетсе, 10 адам учуп келген.
Иш-чарага «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, Инфраструктуралык жана аймактык өнүктүрүү боюнча Башкы директордун орун басары Абдималик Бусурманкулов, «Ош» эл аралык аэропортунун директору Арипжан Токуров, Air Arabia авиакомпаниясынын аймактык менеджери Алла Берест жана башкалар катышты.
«Бүгүн маанилүү күндөрдүн бири. «Шарджа-Ош-Шарджа» багыты боюнча биринчи жолу каттам ачып жатабыз. Түз авиакаттамдардын ачылышы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну кеңейтип, мамлекеттин жана жалпы авиация тармагынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт”, – деп билдирди «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө «Ош» эл аралык аэропортунан Россия Федерациясынын бир канча шаарларына түз үзгүлтүксүз авиакаттамдар бар. Ошондой эле, акыркы эки жылда Турция жана Кувейтке да аба каттамдары ачылган.
Өз кезегинде Air Arabia авиакомпаниясынын аймактык менеджери Алла Берест «МЭА» ААК менен авиакомпаниянын ортосундагы кызматташтык үч жылдан бери уланып келе жаткандыгын белгиледи.
«Биз Ош шаарына авиакаттамды ачууну көптөн бери пландап жүргөнбүз, тилекке каршы, пандемияга байланыштуу убактылуу токтотууга туура келген. Бирок бүгүн планыбызды ишке ашырганыбызга абдан кубанып турабыз», – деди ал.
Каттамдар Air Arabia (БАЭ) авиакомпаниясы тарабынан 2022-жылдын 21-февралынан 3-мартына чейин дүйшөмбү жана ишемби күндөрү аткарылат. Ал эми 3-марттан тарта каттамдардын саны жумасына 3 жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү аткарылмакчы.
Болжолдуу учуу убактысы 3, 5 – 4 саатты түзөт.
Меню