Menu

Оң рулдуу машина

ИИМ оң рулдуу машинелерди таксиге колдонууга тыюу салууну сунуштады

Ички иштер министрлиги оң рулдуу автоунааларды такси кызматына пайдаланууга тыюу салуу тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Долбоор өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, оң рулдуу автоунаалар коммерциялык максатта жүргүнчү жана жүк ташый албайт. Демилгечилер чектөө жол кырсыктарынын алдын алуу максатында киргизилип жатканын белгилейт.

Ошондой эле токтомдо үч категориядагы автоунааларга ылдамдыкты чектөөчү жабдуу коюу каралган. Ага ылайык, автобустар, 8ден ашык орундугу бар автоунаалар, 3,5 тоннадан 12 тоннага чейин жүк ташууга ылайыкташкан жана 12 тоннадан ашык жүк ташуучу автоунааларга ылдамдыкты чектөөчү жабдуулар коюлат.

Кыргызстанда 2015-жылдан тартып оң рулдуу автоунааларды каттоого тыюу салынган. 2018-жылы өкмөттүн оң рулдуу автоунааларды “коммерциялык максатта” колдонууга тыюу салуу аракети коомчулуктун нааразычылыгынан улам ишке ашкан эмес.

Өткөн жылы ИИМ такси кызматына лицензия берүү аркылуу оң рулдуу автоунаалардын кирекечтик кылуусун тыюуну сунуштаган. Бирок бул сунушту ишке ашыруу да кийинкиге калтырылган.

ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 17 миңдей автоунаа жүргүнчү ташып иштейт. Анын тең жарымы оң рулдуу унаалар. Министрлик жол кырсыктарынын 60% оң рулдуу унаалардын айынан болорун белгилеп келет.

Меню