Menu

Пакистандын элчиси Сардар Азхар Тарик Хан

Министр Болотбек Купешев Пакистандын элчиси Сардар Азхар Тарик Хан менен жолугушту

Кечээ, 3-августта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министр Болотбек Купешев Пакистан Ислам Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Сардар Азхар Тарик Хан менен жолугушту. Жолугушууга министрдин орун басары Нурлан Омуров жана Пакистандын Элчилигинин миссиясынын жетекчисинин орун басары Тарик Али да катышты.

Жолугушууда тараптар билим жана илим жаатындагы кыргыз-пакистан кызматташтыгы маселелерин талкуулап, кызматташтыкты чыңдоо боюнча андан аркы пландарды белгилешти.

Жолугушууда пакистандык жарандардын Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларында билим алуусу менен байланышкан маселе талкуунун өзөгүн түздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Болотбек Купешев Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайлары тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын жакшыртуу үчүн министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу толук маалымат берди.

Тараптар билим жана илим жаатындагы кыргыз-пакистан кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү шарттар бар экенин, медицина тармагынан тышкары да так илимдер жаатында, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, инженердик-техникалык адистиктер боюнча кызматташуу кызыгуу жаратышы мүмкүн экенин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында билим жана илим, атап айтканда, медициналык билим жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында, тараптар кызматташуу жөнүндөгү протоколдорго кол коюу жолу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Пакистандын Жогорку билим берүү боюнча комиссиясынын, Пакистан медициналык комиссиясынын ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салууну макулдашышты.

Меню