Menu

Паракорлор

УКМК: Жогорку соттун сот аткаруучусу 45.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан сот тутумундагы коррупциянын көрүнүштөрүн аныктоо жана жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 3-ноябрында тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин экономикалык иштер боюнча САКБнын кызматкери 45 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Экономикалык иштер боюнча САКБнын кызматкери Т.Н.Ж. сот аткаруучулар кызматынын кызыкчылыктарына каршы, ошондой эле материалдык пайда алуу максатында Б.И.М. аттуу жарандан өлкөнүн чегинен тышкары чыгуу үчүн чектөөлөрдү алып салуу маселеси оң чечилиши үчүн 45 000 (кырк беш миң сом) өлчөмүндө акча талап кылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Т.Н.Ж.нын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда мурда белгиленген 45 000 сомдук каражат табылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Т.Н.Ж. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин сот аткаруучулар кызматынын бөлүмү административдик, жарандык жана жазык иштери боюнча айыптарды, тиешелүү мамлекеттик алымдарды мамлекеттин кирешесине өндүрүп алуучу жападан жалгыз мамлекеттик орган болуп саналат.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын УКМК системалуу мүнөздөгү ушуга окшош фактыларды документтештирүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

Аксынын тургунун кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, ай сайын 20.000 сом "салык" алып жүргөн прокурор кармалды

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурасына Жалал-Абад облусунун тургуну укук коргоо органынын кызматкеринин мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Арызда прокуратура кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, көптөн бери опузалап, акча каражатын алып жүргөнү айтылат. Аталган факты Аскердик прокуратурасында каттоого алынып, андан ары иликтөө үчүн материалдар Жалал-Абад гарнизонунун Аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
Топтолгон материалдардын негизинде үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси «Опузалап пара алуу» боюнча кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам иш-аракеттерди ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн.
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын башында прокуратуранын кызматкери башка районго которулганы аныкталган. Ага карабастан айдын аягында кайра чалып, 20 миң сом акча каражатын талап кылган.
Андан аркы аракеттер укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө жүргүзүлдү. Прокуратура кызматкеринин кезектеги опузалап талап кылуусунан кийин, ишкер 20 миң сом өлчөмүндөгү акчаны төлөм терминалы аркылуу электрондук капчыкка которгон.
Ошол эле күнү ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери жана Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүргүзүлүп, Тогуз-Торо районунун прокурорунун жардамчысын жумуш ордунда кармалган. Буга чейин ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунун прокурорунун жардамчысы болуп иштеп, бир нече жума мурда жаңы жумуш ордуна которулган.
Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы белгилер коюлган акча каражаттары далил катары төлөм терминалынан алынган.
Азыркы учурда сот тарабынан аны гауптвахтада кармоо боюнча бөгөт чарасы тандалды.

УКМК: Ош облусунун тургунун камайбыз деп коркутуп, 400.000 сом пара алышкан милициянын офицерлери камакка алынды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча көрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлер тобунун курамында Ош облусунун тургунунан опузалап 400 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган ыкчам кызматкер кармалды. 

Ош шаардык ИИБнын ыкчам кызматкерлери милициянын капитаны Т.Б.Н., милициянын майору И.И.И., милициянын капитаны Э.С.Э. жана милициянын майору Ж.у.Н. кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуу жолу менен Ош облусунун тургуну А.у.С.дан 400 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап алышкандыгы аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 100 миң сом алып жаткан жеринен өнөктөшү жана Ош ШИИБнын ыкчам кызматкери, милициянын майору Ж.у.Н. кармалган. Жыйынтыгында акыркысы УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, калгандарына издөө жарыяланган.

2023-жылдын 3-октябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн чаралардын натыйжасында мурда издөөдө жүргөн Ош ШИИБнын кызматкерлери, милициянын капитаны Т.Б.Н., милициянын майору И.И.И. жана милициянын капитаны Э.С.Э. кармалып, Кыргыз Республикасынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

УКМК: Токмокто кыз зордуктаган адамды кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 178.000 сом пара алып жаткан милиционер кармалды

 Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө 2023-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Токмок ШИИБнин кызматкери, милициянын улук лейтенанты М.Д.К. 178 000 сом алып жаткан жеринен кармалган.

 Токмок ШИИБнин кызматкери арыз ээсинин уулу А.Рды зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталган.

  Кармалган М.Д.К. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

  Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

УКМК: Ботаникалык бактын ичиндеги жер тилкесин жеке менчикке сатып жиберген Бишкектин "Кадастр" ишканасынын экс-директору камакка алынды

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (УИА) Биология институтунун Э.Гареев атындагы Ботаникалык багынын түштүк тарабында жайгашкан жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды.

Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын жетекчилиги жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан материалдык пайда алуу максатында Кыргыз Республикасынын УИАнын “Көк-Жар” эксперименталдык базасынын балансындагы Бишкек шаарынын И.Ахунбаев көчөсүнүн 1а дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 0,244 га (Ботаникалык бактын түштүк тарабы) жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схемасы уюштурулганы аныкталды. Анда, аталган жер тилкелери Э.Гареев атындагы ботаникалык бактын жалпы тосмосунун ичинде жайгашкандыгына карабастан Бишкек шаарынын мэриясынын жасалма токтомун чыгаруу жолу менен мыйзамсыз укук белгилөөчү документтер берилген. 

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жер тилкелерин мыйзамсыз берүүдөн келтирилген зыян 31 миллион сомдон ашык сумманы түзөт.

2023-жылдын 19-октябрында чогултулган материалдардын негизинде “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын экс-директору Б.Б.Ж. жана анын орун басары К.М.З. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. 

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо, ошондой эле мыйзамсыз алынган жер тилкелерин мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары улантылууда.

УКМК: Ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек баланын жазасын жеңилдетүү үчүн ири өлчөмдөгү пара алган Свердловдук райсотунун судьясы камакка алынды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан сот тутумундагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча көрүлгөн пландык иштердин жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов ири өлчөмдө пара алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Мурда маалым болгондой, 2023-жылдын 27-сентябрында ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек баланы эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтыруу үчүн адвокаттын жардамы менен опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы И.Н.А. камакка алынган.

Ошол эле учурда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А. көрсөтүлгөн жашы жете элек баланын жакын тууганынан адвокаттын ортомчулугу, ошондой эле жардамчысынын жана катчысынын жардамы аркылуу эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаны берүү үчүн пара алган фактысы аныкталган.

Кылмыш иштерине тиешеси бар адамдардан акча каражаттарын алуу боюнча белгиленген коррупциялык схеманын далилдөө базасын бекемдөө максатында бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында, 2023-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А., ошондой эле адвокат Ы.К.М. камакка алынды.

 Учурда сот тутумунун арасында ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча пландуу иштер жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кенжебаев $2000 пара алып жаткан жеринен кармалып, камакка алынды

Мурда маалымдалгандай, КР УКМК тарабынан көрүлгөн сот тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө, каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 2000 АКШ доллар өлчөмүндө пара талап кылуу жана алуу фактысы учурунда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. кармалды, ошондой эле ортомчулар катары иш алып барышкан судьянын консультанты Ш.Ч.Т. жана судьянын жакын досу Т.М.Ш. да кармалды. 

Бул кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, судья К.Н.Т. банктык которуулар аркылуу ушул сыяктуу опузалап талап кылуу жана ири өлчөмдөгү пара катары акча каражатын алуу боюнча бир катар фактылары аныкталды, айыпталган адамдардан которулган акча каражаттарынын алып туруучу болуп судьянын тууганы Т.Н.Н. жана анын эжеси К.А.Т. катышкандыгы такталды.  

Тергөө иштеринин алкагында судьянын тууганы Т.Н.Н. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын 1-тергөө абагына камака алынды.

2023-жылдын 5-сентябрында КР УКМК тарабынан чогултулган материалдарынын негизинде, КР Башкы прокурору аталган судьяга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 342 жана 343-беренелеринде (Опузалап пара талап кылуу жана алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча экинчи кылмыш иши козголгон. 

2023-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК: Араванда дүкөнчүнү уруп-сабап, 19 миң сомун алып, дагы 31 миң сом талап кылган милиционер кармалды

КР УКМК тарабынан ИИМнын Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 25-сентябрында 12 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Араван райондук милициясынын участкалык инспектору, милициянын лейтенанты Ж.у.К. кармалды, ал Араван районундагы азык-түлүк дүкөндөрүнүн биринен 26 миң сомдук азык-түлүк уурдалды деген факты менен арыздануучусу жок ишти токтотуу үчүн 31 миң сом талап кылган. 

Буга чейин, 2023-жылдын 21-сентябрында участкалык инспектор Ж.у.К. шектүүнү Д.О. аттуу досу менен бирге кеңсесине чакырып, кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу менен физикалык күч колдонуп, опузалап акча талап кылып, 19 миң сом алганы аныкталды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК: Ошто милиционерлер үчүн курулган 220 квартираны бөлүштүрүүдө пара алып, кезекте турбагандарга да бөлүштүргөн жетекчилер кармалды

2021-жылы Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн 220 батирлүү үй курулуп, алар кезектүүлүк боюнча батир алышкан. Облустун укук коргоо органдарына батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча көптөгөн даттануулар келип түшкөндөн кийин кылмыш иши козголуп, кийин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызмат адамдарынын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган.

 Бирок КР Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши кайрадан козголуп, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына өткөрүп берилген.

 Тергөөнүн жүрүшүндө, 2021-жылы Ош облусунун ИИБнын Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги М.Ы.А. жана анын орун басары Ж.М.Р. кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, биринчи кезектеги кызматкерлерди башка аймактарга атайылап которушкан.  Андан кийин Турак-жай жана турмуш-тиричилик комиссиясынын мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алышып, акчалай сыйлык алуу учун документтерди бурмалоо жолу менен мурда кезекте турбаган адамдарды биринчи кезектин катарына киргизишкен. 

Тергөө тарабынан чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 25-сентябрында Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси М.Ы.А., анын орун басары Ж.М.Р. жана кызматкер Д.А.К. кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 Учурда тергөө иштери уланууда.

УКМК Бишкек шаардык сотунун судьясы Назгүл Ильязованы $5000 пара алып жаткан жеринен кармады

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан сот тутумундагы коррупциянын көрүнүштөрүн жоюу боюнча жүргүзүлгөн системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы “И.Н.А.” опузалап акча талап кылып алгандыгы үчүн кармалды.

Бишкек шаардык сотунун айрым судьялары каралып жаткан кылмыш ишинин алкагында эркинен ажыратуу менен байланышпаган оң чечим чыгарып берүү үчүн жактоочунун ортомчусу аркылуу соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап 5 миң АКШ долларын (443 500 сом) өндүрүп алышкан. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, соттор тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманын иш жүзүндөгү фактысы, алардын кылмыштуу иштерине “ишенимдүү” адвокаттар тартылганы аныкталды.

Ошол эле учурда, судьяга акча каражаттарын берүүнүн алдында жактоочунун жанында мурда даярдалган (адалдоого алынган) каражаттар болушу керек болчу, алар соттук коллегияга кирген экинчи инстанциянын судьяларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Белгилей кетсек, акча каражатын алмаштыруунун бул схемасы системалуу мүнөзгө ээ болуп, судьялар менен алдын ала макулдашылып адвокат тарабынан анын кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында ишке ашырылып жүргөн.

Бул кылмыштуу амалдын катышуучуларынын планы боюнча, эгерде алар укук коргоо органдары тарабынан кармалса, адвокат туруктуу жана ишенимдүү ортомчу катары, акча каражатын көрсөткөн юридикалык кызматы үчүн акы катары алганын айтмак, ал тууралуу алдын ала ойдон чыгарылган келишим түзүлүп даярдалган.

Ошону менен бирге, зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин бардык колдо болгон маалыматтарды, анын ичинде судьянын түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылган акча каражаттарын алуу жана адалдоо боюнча “белгиленген коррупциялык схеманын иштешин”, судьялар жеке коопсуздугуна ынангандан кийин акча каражатын алганын тастыктаган көрсөтмөлөр алынды.

2023-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаардык сотунун судьясы “И.Н.А.” Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2023-жылдын 26-ноябрына чейин КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Азыркы учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар Бишкек шаардык сотунун башка судьяларынын жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш иштеринин далил базасын бекемдөө боюнча тиешелүү активдүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Меню