Menu

парковка

"Манас" аэропорту өзүнүн аэробекетинин унаа токтотуучу жайлары тууралу маалымат таратты

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы аэробекеттин унаа токтотуучу жайы боюнча төмөнкүлөрдү ачыктайт.
Автоматташтырылган унаа токтотуучу системасы бар аэробекеттик унаа токтотуучу жай  аутсорсингге берилген жана келишимдин эрежелерине ылайык тарифтер аутсорсинг компаниясы тарабынан белгиленет. «МЭА» ААК баа саясатына жана бааны түзүүгө таасир эте албайт.
Ижарага алган компаниянын маалыматына ылайык, учурда тарифтер мурдагы баа боюнча калган – 1 сааты/ 60 сом, алгачкы 15 мүнөт бекер жана  1 суткага/360 сомду түзөт. Ал эми 2021-жылдын  20-июлунан тартып 15 мүнөттүк бекер тарификация жокко чыгарылат.
Урматтуу «Манас» аэропортунун жүргүнчүлөрү жана коноктору, «МЭА» ААК аэробекеттеги жолдун ары жагында бардыгы үчүн бекер унаа токтотуучу жай бар экендигин кабарлайт.
Ошондой эле унаа токтотуучу зона бар, анын баасы – 1 саатына/40 сом жана 1 суткага/200 сомду түзөт.
Меню