Menu

Парламенттик башкаруу системасы

Грузиянын Конституциялык соту президент Саломе Зурабишвили өкмөттүн уруксатысыз Европа мамлекеттерине барып, Баш мыйзамды бузду деп тапты

Грузиянын Конституциялык соту көпчүлүк добуш менен президент Саломе Зурабишвили өкмөттүн уруксатысыз бир катар Европа мамлекеттерине барып, өлкөнүн Баш мыйзамын бузду деп тапты.

Бир нече күнгө созулган сот жараянына Зурабишвили катышкан жок. Ал Франция жана Германиянын президенттери менен жолугушууну мыйзам бузуу деп эсептебей турганын айткан. Грузия президенти Тбилисиге Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирүүдө.

Өлкө конституциясы мамлекет башчыга өкмөттүн уруксатысыз тышкы сясатка аралашууга тыюу салат. Зурабишвилинин өкүлдөрү чет өлкөлөрдүн лидерлери менен кездешүүлөр, телефон чалуулар, каттар тышкы саясатты өзгөртүүгө алып келбесе, андайга жол берилет деген аргументин келтиришти.

Конституциялык соттун чечиминен кийин президентке импичмент жарыялоо боюнча мыйзам парламентте добушка коюлат. Президентти кызматынан кетирүү үчүн 100 депутаттын колдоосу керек. Маселе эки жуманын ичинде колго салынмакчы. Бирок бийликтеги партияда мынча мандат жок.

Оппозициянын бардык партиялары, анын ичинде Михаил Саакашвилинин “Бириккен улуттук кыймылы” да добуш берүүгө такыр катышпай турганын, же импичментке каршы добуш берерин билдирүүдө. Алар бул жараянды саясий бир жактуу деп аташат.

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу мыйзам долбооруна кол койбой, артка кайтарды

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу мыйзам долбоорун кайра кайтарды. Бул тууралуу парламенттин жайкы тыныгуудан кийинки биринчи жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат Исхак Масалиев билдирди.

Ал президент долбоорду кайра кайтарганда бир канча жобого каршы пикирин билдиргенин айтып, аны Жогорку Кеңештин макамын төмөндөтүү катары баалады. Мындан улам тармактык комитет мыйзам долбоорун чукул арада карашы керектигин айтты.

“Президенттин каршы пикиринде бир топ сын-пикир бар экен. Анда айрым бир жоболорго байланыштуу “Жогорку Кеңештин укугу жок, Жогорку Кеңештин эч кандай укугу жок” деп жазылыптыр. Муну абдан кылдаттык менен карап чыгышыбыз керек. Мен муну Жогорку Кеңешти төмөндөтүү кадамы катары эсептеп жатам. Ошондуктан мен баарыңарды каршы пикирди окуп чыккыла деп суранат элем. Ал жерде биздин өкмөттөн отчет алуу укугубуз жок, маалымат гана угат экенбиз. Маалыматты болсо каалагандай бериши мүмкүн. Ортодон тил таап, бир пикирге келишибиз керек, же үчтөн эки добуш менен кабыл алышыбыз керек”,- деди Масалиев.

Буга байланыштуу президенттин администрациясы азырынча комментарий бере элек.

Парламент “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” мыйзам долбоорун жайкы тыныгууга кетер алдында чукул карап, дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган. Ал Баш мыйзамда депутатты чакыртып алуу жобосу кошулган.

Соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрда өткөн. Жогорку Кеңештин бул чакырылышы 90 депутаттан куралган. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланат, азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында 120 депутат болгон.

Меню