Menu

Паспорт

Министр Иманов жараксыз паспортторду сатуу тууралуу маалымат берди

Санариптик өнүктүрүү министри буга чейин айтып чыккан паспорт мафиясы боюнча кандай иштер жүрүп жатканы тууралуу видео кайрылуу жасады.

Министрдин айтымында, Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМК менен биргеликте жок кылынууга тийиш болгон 2020-2021-жылдардагы жараксыз паспорттордун реестрлерин инвентаризациялаган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөн району боюнча 1667 жарандык паспорт, 2101 жалпы жарандык паспорт жок экени аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМК кармаган Калкты жана жарандык абалдын актыларды каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүнүн адисин, кылмыш иши козголуп, үй камагында отурган Араван районундагы бөлүм башчысын кызматынан бошоткон. Департаменттин кызматкерлерине тартиптик жаза жарыяланган.

24-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Санариптик өнүктүрүү министрлиги боюнча депутаттык комиссия түзүү маселесин көтөрүлгөн. Депутат Дастан Жумабеков министр айтып чыккан паспорт мафиясы унутта калганын, бул иштин жыйынтыгы белгисиз болуп кеткенин айткан.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 100дөн ашык паспортту өлкөдөн чыгарып бараткан адамды кармаган. Андан соң министр 25-апрелде Фейсбуктагы баракчасына Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде паспорт мафиясы күчөгөнүн жазып чыккан.

УКМК: Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өттү деген шек менен Өзбекстандын жараны кармалды

 14-октябрда Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүү жана легалдаштыруу каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жасалма документтерди колдонуп, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн, Өзбекстан Республикасынын жараны кармалды.

Өзбекстан Республикасынын жараны “Ю.М.У.” Оруссия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарынан КР Ош шаарына учуп келгенде, “М.А.Ю.” аттуу КР жаранынын паспортун көрсөткөн.

Кармалган “Ю.М.У.” КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факт боюнча КР УКМК тарабынан КР Жазык кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши башталды.         

  Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын расмий документтерин мыйзамсыз даярдоо каналына тиешеси бар кызмат адамдарына карата тиешелүү комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларыны жүргүзүлүүдө.

ИИМ: Кыргыз Республикасынын жарандык паспортторун алган чет элдик жарандардын бардыгы мыйзам чегинде текшерүүгө алынат

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жаран Орхан Инанды Түркиянын жараны болуп туруп, 2012-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын ID паспортун жана 2012-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алгандыгы аныкталган. Учурда ага берилген паспорттордун мыйзамдуулугу да иликтенүүдө.

Андан сырткары аталган кылмыш ишинин алкагында учурда жалпы Кыргыз Республикасынын жарандык паспортторун алган чет элдик жарандардын бардыгы ички иштер министрлиги тарабынан дыкат иликтенип текшерүүгө алынат. Алардын паспортторунун канчалык мыйзамдуу экендигин, бир эле учурда эки мамлекеттин паспортторун алган фактылар жана Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорттору эмне себептен мыйзамсыз берилип кеткендиги, жана кимдер бергендиги сыяктуу бардык фактылар текшерилип, аларга юридикалык баа берилет.
Мыйзамсыз берилген паспорттор, паспорт берүүдөгү ээнбаштыктар, коррупциялык фактылар, анын ичинде мурда соттолгон, издөөдө жүргөн адамдар, башка өлкөнүн жарандары, керек болсо кылмыштуу чөйрөнүн адамдары да кыргыз паспортун алып жүрүшкөндүгүн биз өз убагында ачыктаганбыз.
Ошондой эле жалаң гана паспорт эмес эки өлкөнүн кош жарандыгын алгандар да текшерүүгө алынып, алар мыйзамдуу алганбы же мыйзамсыз алганбы, аларга кимдер жардам бергендигин тактоо жана аныктоо иш-чаралары башталды.
Ички иштер министрлиги паспорт системасында тартип орнотуу максатын көздөйт жана иликтөө учурунда мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукту кабардар кылып турабыз.

Борбор Азия жарандары Орусияда иштөө үчүн жасалма кыргыз паспортторун колдонгон учурлар арбын

2021-жылдын 5 айында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Өкүлчүлүгү Москва шаарынын полиция кызматкерлери менен биргеликте Орусиянын аймагында кыргыз жарандары жасалма документ колдонгон 113 фактыны аныктаган.

Жасалма документтердин бардыгы чет өлкөлөрдө даярдалганы белгилүү болгон. Орусияда иштөө максатында кыргыз паспортун жана айдоочулук күбөлүктөрүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары колдонгон учурлар арбын.

Расмий маалыматка караганда, кыргыз жарандары жасалма пластикалык айдоочулук күбөлүктөрдү жана ID-карт түрүндөгү паспортторду (2004-жылдын үлгүсү) колдонгон 57 факт, Борбор Азия жарандары колдонгон – 56 факт аныкталган.

Меню