Menu

Пирамида” телеканалы

"Бешинчи канал" жана "Пирамида" каналдарын жоюу боюнча иш башталды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду “Бешинчи канал” жана “Пирамида” каналдарын жоюу боюнча иштер башталганын билдирди. Бул маалыматты аталган мекеменин өкүлдөрү “Азаттыкка” ырастап, 4-апрелде эки каналга кат жөнөтүлгөнүн билдиришти.

Телеканалдарды жоюунун себеби жана анын мүлктөрү боюнча маалымат айтылган жок.
3-апрелде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутаттын суроосуна жооп берип жаты, эки канал банкрот болгонуна байланыштуу жоюлуп жатканын айткан. Ал “Бешинчи канал” менен “Пирамиданы” Бишкек мэриясына жана “Кыргызалтынга” берүү аракеттери ишке ашпай калганын билдирген.
Мунун алдында мамлекеттик “Бешинчи каналдын” эмгек жамааты президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, телеканалдын маселесин чечип берүүнү өтүнгөн.
3-апрелде “Бешинчи каналдын” YouTube баракчасына жарыяланган видеодо кызматкерлер төрт айдан бери жумушсуз отурганын, аларга алдыда кандай өзгөрүүлөр болору тууралуу маалымат берилбегенин айтышкан.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ошол кездеги жетекчиси Мирлан Бакиров 20-февралда акционердик коомго айландырыла турган мамлекеттик ишканаларды атап, алардын арасында “Бешинчи канал” да бар экенин маалымдаган.
Кыргызстанда төрт мамлекеттик телерадиоканал бар – КТРК, ЭлТР, “Пирамида”, “Бешинчи канал”. Аларда жүздөгөн кызматкер эмгектенет. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мамлекеттик телеканалдарды менчикке өткөрүү маселесин көтөрүп келет.

"Пирамида" телеканалын "Кумтөрдүн", "Бишинчи каналды" Бишкек мэриясынын башкаруусуна берүү каралууда

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Пирамида” жана “Бешинчи канал” телеканалдарын башка мамлекеттик мекемелердин балансына өткөрүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу фонддун төрага орун басары Медер Машиев билдирди.

Анын айтымында, “Пирамида” телеканалы “Кумтөрдүн” же “Кыргыз алтын” мамлекеттик ишканасынын, “Бешинчи канал” Бишкек мэриясынын башкаруусунда болот.

Машиев телеканалдарды башка мекемелерге өткөрүп берүүнүн себептеринин бири – Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан каржылоонун жетишсиз болуп жатканы экенин билдирди.

“Жогорку Кеңеш азыр менчиктештирүү боюнча программаны карап жатат. Уставдык капиталдын программасына бул эки телеканал да киргизилген. Тактап айтканда, телеканалдардын ээси башка мамлекеттик мекемелер болот. Биз бул маселени чарбалык субъектилер телеканалдарды жакшыраак өнүктүрсүн деген максатта карап жатабыз”, – деди Машиев.

Ал мамлекеттик телеканалдарды башка мекемелерге өткөрүп берүү маселеси бир нече айдын ичинде чечилерин кошумчалады.

“Бешинчи канал” 2005-жылы “КООРТ” телеканалынын базасында түзүлгөн. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн декрети менен улутташтырылган. 2011-жылы Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу максатында “Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө” мыйзам кабыл алынган.

Кыргызстанда туңгуч эркин телеканал катары таанылган “Пирамида” мурдагы бийликтин тушунда колдон колго өтүп, 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин мамлекеттин карамагына берилген.

Меню