Menu

Полат Шамшетов

Бухаранын тергөө абагында өлгөн Каракалпакстандын акыркы президентинин уулу Полат Шамшетов Нукус окуяларында курал колдонулганы боюнча негизги күбө болчу

Каракалпакстандык активист Акылбек Муратов Нукус окуялары боюнча соттолгон Полат Шамшетовдун Бухара шаарынын тергөө абагындагы өлүмүн “таң калычтуу” деп атады.

Анын айтымында, Шамшетов былтыр 1-2-июль күндөрү Каракалпакстанда болгон окуяларда укук коргоо органдарынын курал колдонгон-колдонбогону боюнча негизги күбөлөрдүн бири болчу.

“Өзбекстандын бийлиги курал колдонулбаганын билдирүүдө. Бирок эл аралык Human Rights Watch уюму нааразылыктар учурунда ок атуучу куралдар жана гранаталар колдонулганы тууралуу укук коргоочулардын билдирүүлөрүн жарыялады. Полат Шамшетов Каракалпакстандагы окуялардын маанилүү бөлүгү деп эсептелген ал учурдун негизги күбөлөрүнүн бири болчу”, – деди Муратов.

Быйыл 31-январда жапырт башаламандыктарды уюштуруу айыбы менен алты жылга соттолгон Полат Шамшетов 4-февралда Бухарадагы тергөө абагында өлгөнү кабарланган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарына таянып, Шамшетов курч жүрөк кемтигинен улам каза болгонун билдирген.

Нукустагы окуяларды уюштурду деп камалган Каракалпакстандын биринчи жана акыркы президентинин уулу Полат Шамшетов абакта өлгөнү кабарланды

Каракалпакстандагы окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн парламенттик комиссия Каракалпакстан ИИМинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы, Каракалпакстандын биринчи жана акыркы президентинин уулу Полат Шамшетовдун өлүмүнүн жагдайларын иликтей турганын билдирди.

Былтыр 31-январда жапырт башаламандыктарды уюштуруу айыбы менен 6 жылга соттолгон Полат Шамшетов 4-февралда өлгөнү кабарланган. Анын жүрөгү токтоп калганы айтылган.

Комиссиянын мүчөлөрү 6-февралда Бухара облусуна келет. Алар Шамшетовдун өлүмүн, тергөө абагынын абалын текшерип чыгышат.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун киши кармалган.

Меню