Menu

Президентке ишеним көрсөтпөө

"Кемпир-Абад" иши: Абактагылар президентке ишеним көрсөтпөөнү сунушташты

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу айыпталып жаткандар бүгүн 4-майда президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Анда “коомдук импичмент” деп аталган ишеним көрсөтпөө демилгеси баштала турганы айтылган.

Алты айдан бери 37 тергөөчү, ондогон ыкчам кызматкер аларга коюлган айыпка далил таба албай жатканын, өздөрүнө жана жакындарына “эч негизсиз жана мыйзамсыз, орду толгус моралдык-саясий, материалдык, физикалык жана психологиялык кыйноо, басмырлоо, шылдыңдоо, адамкерчиликсиз мамиле эң жогорку мамлекеттик деңгээлде жүрүп, сындыруу, президенттен кечирим суратуу” аракети болуп келатканын айтышты.

“Биз бийликке теңелбедик, баарына чыдап келдик. Адилеттүүлүк болор деген үмүт болгон. Кемпирабадчылар сизден эч качан кечирим сурабайбыз. Себеби, биз мамлекет, эл, мыйзам алдында эч кандай күнөө кылган жокпуз. Тескерисинче, Конституцияны, мыйзамдарды эки жылдан бери сиз өзүңүз командаңыз менен бузуп жатасыздар. Ошондуктан өзүңүз бизден, элден кечирим сурап, президенттик кызматтан өз ыктыярыңыз менен тынч кетсеңиз туура болот деп эсептейбиз!”, – деп айтылды кайрылууда.

Анда “Баткендеги соңку эки кандуу окуя, Кемпир-Абад, Кумтөр сыяктуу кен байлыктардагы коррупция, соттолгон кылмышкерлерди мыйзамдаштыруу, адам укуктарын бузуу менен катар “Азаттыкка” окшогон эркин медиаларды жабуу, “кустуруу”, парламент менен соттун ишине кийлигишүү” деген жети маселе көтөрүлдү.

Бул кайрылууга президенттик администрация комментарий бере элек.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда камалган.

Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирип, камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен” деп айткан.

Кармалгандар өздөрүнө тагылган айыптарды “саясий куугунтук” деп айтып келишет.

Меню