Menu

Президенттик ак сарай

Президенттик администрациянын имаратын куруучу компания 25,7 гектар жер алды

Министрлер кабинети президенттик администрациянын имаратын кура турган компанияга жер тилкелерин менчикке өткөрүп берди. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-августта кол койгон.

Ага ылайык, Бишкек шаарындагы төмөнкү даректеги жерлер мамлекеттин менчигине өтөт:

  • Абсамат Масалиев көчөсү – Ала-Арча дарыясы, жалпы аянты 10,878 га;
  • Абсамат Масалиев көчөсү – Ала-Арча дарыясы, жалпы аянты 1,6215 га;
  • Аалы Токомбаев көчөсү, 12-кичи районунун каршысында, жалпы аянты 2,713 га;
  • Семетей көчөсү – Чыңгыз Айтматов проспекти, жалпы аянты 0,47 га;
  • 12-кичи району, Түштүк пландоо зонасында Аалы Токомбаев көчөсүн бойлой, жалпы аянты 0,68 га.

Токтомдо жазылгандай, президенттин Иш башкармасы төмөнкү даректердеги жер тилкелеринин базар баасын аныктайт.

  • Абсамат Масалиев көчөсү, 22, жалпы аянты 18,1853 га;
  • Алиаскар Токтоналиев көчөсү, 165, жалпы аянты 4,8899 га;
  • Аалы Токомбаев көчөсү, 1/9, жалпы аянты 2,713 га;

Жалпы аянты 25,78 гектарды түзгөн үч жер тилкеси администрациянын имаратын куруу үчүн подрядчы катары тандалган “Иншаат строй Билдинг” компаниясынын менчигине берилет.

Компания менчикке алган жерлердин ордуна Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги 301 дарегинде администрациялык имарат курат. Курулуштун баасы жер тилкелеринин наркынан кымбат болуп кеткен учурда президенттин Иш башкармасы кошумча акча табат.

Курулуштун чыгымы жер тилкелеринин базар баасынан арзан болгон учурда президенттин Иш башкармасы “Иншаат строй Билдинг” жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте келишимдик негизде ортодогу айырманы төлөп берүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.

Osoo.kg порталындагы маалыматта “Иншаат Строй Билдинг” компаниясы имараттарды куруу менен алектенери, анын жетекчиси Акбарали Абдыразаков экени жазылган. Порталдан компания быйыл 28-июлда кайра каттоодон өткөнүн да көрүүгө болот.

Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулуп, анын ордуна жаңы өкмөт үйүн куруу 2022-жылы апрелде башталган.

Садыр Жапаров Президенттик ак сарайдын курулушуна капсула салды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентинин  администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.

Мамлекет башчысы бүгүн салтанатка келгендер тарыхый имараттын курулушуна катышып жатканын белгиледи.

Куруучуларга кайрылып, Садыр Жапаров курулуш иштеринин сапаттуу жүргүзүлүшүнүн маанилүүлүгүн, бул имарат кылымдарды карытып, азыркыга эле эмес, кийинки муунга да кызмат кылышы керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы буга чейин бул жерде өткөн кылымдын 50-жылдарында курулган “Ысык-Көл” мейманканасы жайгашканын, анын имараты жараксыз абалга келгенин эске салды. Ушуга байланыштуу бул жерде жаңы имараттын курулушун баштоо чечими кабыл алынган.

Садыр Жапаров жалпы аянты 21 миң чарчы метрди түзө турган жаңы имарат  сапатта салынып, анын дубалдары бекем болуп, көп жылдар бою кызмат кыларына ишенерин жана үмүт артарын билдирди.

Ошол эле жерде Садыр Жапаровго келечекте долбоор боюнча Президенттик Администрациянын имаратынын маңдайында жайгаша турган административдик комплекстин концепциясы көрсөтүлдү.

Жаңы административдик комплекстин курулушу борбордук башкаруу аппаратынын ишин оптималдаштырууга, башкарууну эффективдүү жүргүзүүгө шарттарды түзүүгө, уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн тездетүүгө, техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды оптималдаштырууга мүмкүндүк берери белгиленген. Мындан тышкары, бул мамлекеттик органдардын бир комплексте жайгашуусу чечимдерди иштеп чыгуу процессин тездетет, ордо калаанын борбордук бөлүгүндөгү жол тармагына жүктү азайтат.

Маалым болгондой, административдик имараттардын азыркы жайгашуусу – көпчүлүк мамлекеттик органдар негизинен Бишкектин борбордук бөлүгүндө топтолгон. Муну менен шаардын борборунда жол кыймылына жана тургундарга белгилүү ыңгайсыздыктар жаралууда.

Административдик комплекс заманбап жана көп функционалдуу, өнүккөн инфраструктурасы бар жана пландаштырылган шаардык түзүлүшкө интеграцияланган комплекстердин бири болуп калат.

Белгилей кетсек, курулуш маселелери менен Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу Курулуш, социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди реконструкциялоо боюнча түзүлгөн мамлекеттик дирекция алектенет.

Меню