Menu

ПЧР тест

Кыргызстанга кирүүдө ПЧР-тест талап кылуу жокко чыгарылды

1-майдан тарта өлкө аймагына кирүүдө коронавируска ПЧР-тест, эмдөө жөнүндө сертифкат талап кылуу жокко чыкты.

Мындай чечим Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов өткөргөн Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта 2020-жылы 22-мартта өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал режиминин алуу маселеси каралат.

Мындан эки күн мурда Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларда коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптар жок экенин билдирген. Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жуктуруп алгандар кескин азайып, айрым күндөрү катталбай жатат. Өлкөдө COVID-19га кабылгандардын жалпы саны 200 990 адам, 2991 бейтап көз жумду.

Жалпысынан коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллиондон ашык адам алды, толук эмделгендер 1,3 миллионго чукулдады. Бустердик (үчүнчү) доза 161 миңден ашуун кишиге сайылды.

Апрелдин башында Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 20% жете электигин билдирген. Мындай төмөн көрсөткүчкө медиктер арасында өздөрү эмдөөнү толук түшүнбөй, калкка жеткиликтүү маалымат бербей жатканы себеп экени айтылган.

Эми "Манас" аэропортунан ПЧР тестти күнү-түнү тапшырса болот

“Манас” эл аралык аэропортунда ПЧР тест тапшырган лаборатория күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

COVID-19га анализди ПЧР тест ыкмасы менен кабыл алуучу AMSBIO лабораториясы “COVID-19суз саякаттайм” тиркемесинин мүчөлүгүнө кирген.

“Манас” эл аралык аэропорту эгер чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөр аэропорттон ПЧР-тест тапшырам десе, анда учуудан 4-5 саат мурда келүүлөрү зарыл экенин эскертет.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев чет өлкөдөн үч күн ичинде ПЧР тест тапшырган гана адамдар киргизилерин билдирген.

Дүйнөнүн бир топ мамлекеттери ПЧР тест тапшырбаган жарандарды өлкөгө киргизүүгө тыюу салган.

Меню