Menu

Равшанбек Сабиров

Равшанбек Сабиров Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулду

Бүгүн, 26-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Сабиров Равшанбек Азатович өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошотулду.

Равшанбек Сабиров Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон Жарлыкка ылайык, Сабиров Равшанбек Азатович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.

Равшанбек Сабиров Президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Сабиров Равшанбек Азатович ээлеген кызматынан бошотулду.

Меню