Menu

Равшан Жээнбеков

Кемпир-Абад иши: абактагы төрт саясатчынын адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбековдун, Азимбек Бекназаровдун, Жеңиш Молдокматовдун жана Кубанычбек Кадыровдун адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды.

Азимбек Бекназаровдун жактоочусу Эркин Саданбеков жарыялаган кат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитетине, Human Rights Watch (HRH), Amnesty International эл аралык уюмдарына жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жолдонгон.

Анда шектүүлөр №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө кармалып жатканы, ал жерде аба айлануу системасы жок жана сыз экени айтылган.

Сентябрдын башында Жаза аткаруу кызматы Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган төрт саясатчыны №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө которгону маалым болгон. Саясатчылар алар жайгашкан камералар суук, сыз жана санитардык абалы начар экенин билдирип, эл аралык уюмдарга, Акыйкатчы институтуна, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана укук коргоочуларга кайрылышкан.

Жаза аткаруу кызматы кыйноолор тууралуу маалыматтарды четке кагып, шектүүлөр абактагы башка адамдардай эле шартта кармалып жатканын билдирген.

11-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев Жумгал районунун Чаек айылында атайын кызматтын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, абак жайлардын шартына нааразылыгын билдирген саясатчыларга жооп берген. Ал түрмө мыйзам бузгандарды тарбиялоо үчүн курулганын айткан.

Равшан Жээнбековдун жубайы УКМКнын тергөө абагына камалды

Абактагы оппозициялык саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 25-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Бул маалыматты адвокат Разак Ашимбаев журналисттерге ырастады.

Анын маалыматына караганда, Алимбаеваны түштө УКМКнын кызматкерлери суракка деп алып кетишкен. Адвокат анын тергөө абагына киргизилгенин кечки саат 8ге жакын укканын, ага чейин байланыша албаганын, ал кайсы иштен улам камалганы белгисиз экенин билдирди.

Алимбаеванын уулу Азат Равшан түшкү саат 12де суракка кирген бойдон апасы менен кабарлаша албай жатканын Фейсбукка жазган.

УКМК азырынча маалымат бере элек.

Равшан Жээнбеков ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда “Массалык башаламандык уюштуруу” беренесинин негизинде отузга жакын саясатчы, жарандык активисттер менен чогуу камалган.

Анын алдында Жээнбеков Өзгөндө өткөн курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөнүн жарыялаган.

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган, ал иш азыр Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Саясатчы 28-майда өтө турган Бишкектеги Ленин округунан парламент депутатын шайлоого талапкер болуп катталган.

Оппозициялык кыймыл президенттин Ширшов тууралуу билдирүүсүн сындады

Оппозициялык “Бириккен демократиялык кыймылы” президент Садыр Жапаровдун Алексей Ширшов боюнча пикирине нааразылыгын билдирген кайрылуу жасады.

“Дастан” трансулуттук корпорациясы” ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов “Коррупция” беренеси менен кармалып, 10-майда үй камагына чыгарылган.

Оппозициялык кыймыл президент Жапаров билдирүүсүндө “Ширшов кылмыш жоопкерчилигине тартылып, издөө салынган эмес” деп коомчулукту адаштырып жатканын белгилеген. Анда Алексей Ширшов Максим Бакиевдин жакын адамы катары “Кыргызтелеком”, “Түндүк электр”, “Кыргызгаз”, “Витязь”, “Каприз”, “Аврора плюс”, “Аврора Грин” пансионаттарын менчиктештирүү учурундагы коррупциялык схемаларды уюштуруу фактылары боюнча көптөгөн кылмыш иштеринде жана сот өкүмдөрүндө кездешери айтылган.

“Бакиевдерге карата аяктаган кылмыш иштерге байланыштуу укук коргоо, сот органдарынын иш-аракеттери, биз тарабынан аларды реабилитациялоо жана кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү кайтарып берүү аракеттери катары бааланат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Президент Садыр Жапаров 11-майда Алексей Ширшов боюнча пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Президенттин айтымында, Алексей Ширшов 6-7 ай мурда жардамчылары аркылуу байланышып, “Максим Бакиевдин 200 млн. доллары камакта жаткан банкты тапканын, Кыргызстанга кайтарууга болорун айтып” кабыл алууну суранган.

Мамлекет башчысы Алексей Ширшов тергөө учурунда 2010-жылы Максим Бакиевдин мүлктөрүн, “Аврора плюс” пансионатын, андагы коттеждерди, батирлерди кайсы бийликте отурган адамдар, Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөлөрү талап-тоноп, туугандарына каттатып алганын айтып бергенин жазган.

Жапаровдун айтуусунда Алексей Ширшовго карата Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан эч кандай кылмыш иши козголуп, издөө салынган эмес.

“Дастан” трансулуттук корпорациясы” ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов кармалып, бөгөт чарасы 10-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Соттун чечими менен ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылды.

Алексей Ширшов үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен чыкканы маалым болду. Аталган орган бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн делген адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта сынга кабылууда.

Меню