Menu

Радиожыштыктар

Мамлекеттин пайдасына кайтарылган радиожыштыктарды сатуу өлкөгө 1 млрд сомдон ашуун киреше алып келди

23-27-сентябрда www.auction.nas.gov.kg интернет-порталында Бишкек шаарынын аймагында пайдалануу укугуна 2300-2400 МГц жыштык тилкесиндеги 100 МГц көлөмүндөгү коммерциялык жактан жагымдуу радиожыштык ресурсун сатуу максатында үч лот боюнча онлайн-аукциондор өттү.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр жеңүүчү деп табылды:

– 1-лот боюнча – 40 МГц (2300-2340 МГц) үчүн 296 млн 121 миң 600 сом суммасын сунуштаган «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom);

– 2-лот боюнча – 20 МГц (2340-2360 МГц) үчүн 353 млн 235 миң 200 сом сунуштаган «НУР Телеком» ААК (О!);

– 3-лот боюнча – 40 МГц (2360-2400 МГц) үчүн 360 млн 64 миң сом сунуштаган «Sky Mobile» ЖЧК (Beeline).

Натыйжада, өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча 2300-2400 МГц жыштык тилкесиндеги 100 МГц көлөмүндөгү радиожыштык ресурсун колдонуу боюнча үч лот 1 млрд 9 млн 420 миң 800 сом суммасына сатылды.

Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн радиожыштык ресурсуна лицензия 1998-жылы (Ала-ТВ ЖЧК) компаниясына Бишкек шаарында эфирдик-кабелдик телекөрсөтүү тармагын иштетүү үчүн берилген (ал учурда радиожыштык ресурсун (тендер/аукцион) сатуу аркылуу бөлүштүрүү орун алган эмес).

2017-жылы бул лицензия 1000 сомго узартылган, ал эми 2020-жылы компания тарабынан экинчи рынокто 1,5 млн АКШ долларга (же учурдагы курс боюнча 127 млн 500 миң сом) суммада эфирдик-кабелдик телеберүүнү кеңири тилкелүү маалыматтарды берүү технологиясына (LTE) өзгөртүү ниети менен сатылган. Бул кийинки сатык үчүн коммерциялык жактан жагымдуу болуп саналган.

Белгилей кетсек, 2020-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Аскер прокуратурасы тарабынан айрым мамлекеттик органдардын кызматтык адамдары аркылуу радиожыштыктарды сатып алуу/сатуу жана аларга карай лицензияларды кайрадан тариздөө боюнча бүтүмдөрдү ишке ашырууда мамлекеттин кызыкчылыгына каршы коррупциялык фактылар аныкталып, ага бөгөт коюлган, анын натыйжасы боюнча бир катар кызматтык жактар кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Көрсөтүлгөн радиожыштыктар мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте ишке ашыруу үчүн мамлекетке кайтарылып берилген.

Кабыл алынган антикоррупциялык чаралардын натыйжасында мамлекеттин пайдасына кайтарылган радиожыштыктарды сатуу өлкөгө 1 млрд сомдон ашуун киреше алып келди.

Меню